Виктор Куллэ

1962-жылы Киров облусунун Кирово-Чепецк шаарында туулган. Ленинграддагы институттун инженердик-физика факультетинин так механика жана оптика бөлүмүндө окуп, А. М. Горький атындагы Адабий институтту жана анын алдында аспирантураны бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты. Иосиф Бродскийдин чыгармачылыгы боюнча адис. «Литературное обозрение» журналында жана «Летний сад» басмасында башкы редактор болуп иштеген. «Палимпсест» (2001), «Бүтүндөй чын» (2011), «Ыраазылык» (2020), «Туруктуулук жана Жарык» (2017) ыр жыйнактарынын ээси. Англис, итальян жана Орусия элдеринин акындарын орусчага которгон тилмеч. «Культура» жана «Первый канал» телеканалдарынын программаларын түзүп, сценарийлерин жазган. М. Ломоносов, А. Грибоедов, М. Цветаева, Г. Газданов боюнча даректүү фильмдердин, Улуу Ата Мекендик согуштагы аялдар тууралуу сериалдардын автору. «Новый мир» журналындагы сыйлыктын, Италия-орусиянын «LericiPea Mosca» сыйлыгынын, А. М. Зверев атындагы сыйлыктын, Жаңы Пушкин ж. б. сыйлыктардын лауреаты. Москвада жашайт.
Философ жана адабиятчы Георгий Гачев жазгандай: «Виктор Куллэнин поэзиясы — бул кыялдардын жалбырттоосу, жашоонун ый-күлкүсү, ойлордун орошондугу, жаркын сөздөрдүн кенчи, мукам үндөрдүн оркестри, туюнтмалардын эркин-эминдиги...»