Биздин портал – азыркы орус авторлорунун чыгармалары менен түп нускасында жана КМШ элдеринин тилдериндеги котормосунда таанышууга өзгөчө мүмкүнчүлүк.
Акыркы ондогон жылдар ичинде азыркы орус авторлорунун чыгармалары Шериктештикке мүчө өлкөлөрдө өтө сейрек жана системасыз которулуп келген. КМШ өлкөлөрүнүн он бир тилине которулган «Азыркы орус адабияты» деген негиздүү антологиянын эки томдугунун жарык көрүшү бул багыттагы маанилүү окуялардын бири болуп саналат (2023).
Биздин портал КМШ окурмандарына жаңы орус адабиятын сунуштоону улантат. Порталда жарыяланган ондогон чыгармалар кеңири эмес болсо дагы заманбап орус адабиятынын жанрларынын, темаларынын жана идеяларынын жетишерлик элестүү картинасын түзө алат. Авторлордун катары мезгил-мезгили менен толукталып турмакчы.
Биздин долбоор көркөм котормо мектептерин өнүктүрүүнү колдоп жана бул агедил ишке улам жаңы таланттуу адабиятчыларды тартып гана тим болбостон, маданияттар менен элдердин жакындашуусуна да көмөкчү болот деп ишенебиз.