Бөрү белем — Баскервилдин дөбөтү...
* * *
Бөрү белем — Баскервилдин дөбөтү
аалымдарды баш чайкатып маң кылган.
Кандай маңыз — «сөз кынаган сөөлөтү».
Кандай пастык — «ойду ойго алдырган».
Кокомду аңдып, шилекейи чубурат:
фосфор жанган азуунун көр жакынын.
«Өчкөн жанга — боштондук...» — дейм шыбырап,
өз оюмду бекемдеп да, акырын.





