Бөрү белем — Баскервилдин дөбөтү...

* * * Бөрү белем — Баскервилдин дөбөтү аалымдарды баш чайкатып маң кылган. Кандай маңыз — «сөз кынаган сөөлөтү». Кандай пастык — «ойду ойго алдырган». Кокомду аңдып, шилекейи чубурат: фосфор жанган азуунун көр жакынын. «Өчкөн жанга — боштондук...» — дейм шыбырап, өз оюмду бекемдеп да, акырын.