Мария Ватутина

Москва шааарында 1968-жылы төрөлгөн. Москвадагы юридикалык иниститутту, А. М. Горький атындагы адабият иниститун бүтүргөн. Юрист, адвокат, журналист, юридикалык журналдын башкы редактору болуп иштеген. М. Горький атындагы МХАТтын адабият бөлүмүн жетектеген. 13 ыр китептин автору, анын ичинде: «Төртүнчү Рим» (2000), «Мезгил алмашуусу» (2006), «Биздин кыз» (2008), «Ошол жерде» (2010), «Чынжыр көрүнүштөрү» (2013) «Алмаздуу асман» (2015). «Кыздар үлпөтү» (2015) «Сен уктап жатканда» (2018), «Көрүүчү аянт» (2019), «Anlholog» адабий сыйлыгынын, «Московский счет» сыйлыгынын, Эларалык Волошин сыйлыгынын, Бунин, Парабола ж. б. сыйлыктардын ээси. Бүткүл Россиялык биринчи «Кызыл аянт. Акындар мезгили» турниринин жеңүүчүсү. «Биздин замандын үнү» наамын алган. Москва шаарында жашайт.
Адабиятчы, сынчы Игорь Волгиндин баамында: «Мария Ватутинанын ырлары — азыркы турмуштун мерез жана чынчыл күбөсү. Биздин милдет (сөзсүз аткара турган милдет) — маданият жана тарыхтын мурас жүгүнөн лирикалык эс-тутуму эч бир бошобогон өтө заманбап акындын бейнесин ачуу.»