Алексей Пурин
1955-жылы Ленинград шаарында туулган. Ленинград технологиялык институтун бүтүргөн. 1989-жылы «Звезда» (Санкт-Петербург) журналынын поэзия бөлүмүн, 2002-жылы сын бөлүмүн жетектеген. Голланд жана немис акындарынын поэзиясын которуп, сегиз китеп чыгарган. Жыйырмадан ашык ыр жыйнактын автору. Алардын ичинен «Евразия жана башка ырлар» жыйнагы (1995), «Архаика» (1998), «Падышалар өрөөнү» (2010), «Почта көгүчкөнү» (2015), «Астралар» (2021) көрүнүктүүлөрү болуп саналат. Ошондой эле эсселеринин төрт жыйнагы жарык көргөн. Ырлары англис, голланд, италия, литва, немис, поляк, румын, украин, француз, чех тилдерине которулган. «Нева», «Новый мир» журналдарынын лауреаты, «Честь и свобода» сыйлыгын алган жана «Северная Пальмира» адабий сыйлыгына эки жолу татыктуу болгон.
Азыркы орус поэзиясында Пуриндин өзүнчө орду бар. Ал эстет жана стилист. Өзүнөн мурдагы улуулукка жетишкен поэзия чеберлери иштеп чыккан поэтикалык ыкмаларды жогорку деңгээлде колдоно билет. Баардык чыгармаларында салттуулуктун сапаты бийик деңгээлде болгону менен ал бул боюнча даярдыгы барларга гана байкалат. Ойду кылдат ишараттоо, жарым сөз менен билдирүү жана каймана берүү сергек окурманга айтып бүткүс кубаныч менен рахатты белектейт.