Нарцисс
Ысык, жандуу булактарды тиктеп сен
Канча сыйкыр түндөрдөн өттүң экен,
Бирок онтооң улам күчөп бара жаткан,
Акыры суу көрүстөнүң болуп калган.
Карайсың балыктар туйлап өтүшкөнүн,
Кумдуу сууга чайпалтып жалаң төшүң.
Өңүң улам жуурулушуп сүйкүм жүзгө,
Айкалышат таза үнүң кооз көрүнүшкө.
Эми азыр үстүңдөгү агым тунук,
Чагылышат бадалдар, асман, булут.
Тирүүлөр жаркырай чагылышат,
Орок тийген, ок жегендер карарышат.
Агым жылма, камыштар тынч, шуудурашпайт,
Чычкандар да чөп аралап чыйылдашпайт.
Таарынычтар жазылган, көз жаш жуулган,
Дүйнөнү Аиддин музу басып алган.
Канча сыйкыр түндөрдөн өттүң экен,
Бирок онтооң улам күчөп бара жаткан,
Акыры суу көрүстөнүң болуп калган.
Карайсың балыктар туйлап өтүшкөнүн,
Кумдуу сууга чайпалтып жалаң төшүң.
Өңүң улам жуурулушуп сүйкүм жүзгө,
Айкалышат таза үнүң кооз көрүнүшкө.
Эми азыр үстүңдөгү агым тунук,
Чагылышат бадалдар, асман, булут.
Тирүүлөр жаркырай чагылышат,
Орок тийген, ок жегендер карарышат.
Агым жылма, камыштар тынч, шуудурашпайт,
Чычкандар да чөп аралап чыйылдашпайт.
Таарынычтар жазылган, көз жаш жуулган,
Дүйнөнү Аиддин музу басып алган.





