Эң узун күн
Эң узун күн, сиз билгендей, июнь айында. Он экисинен тартып жыйырма бешине чейин он жети саат отуз жети мүнөткө созулат. Ал эми жыйырма алтысында бир аз кыскара түшөт. Бир мүнөткө эле. Андан кийин эки, үч, төрт мүнөткө кыскара берет. Ошентип тоонун аркасына күн тоголонуп кетти. Албетте, жайкы күндөр дагы алдыда көп, бирок акырындан кыскара баштады...
Эң узун күнү мен таң алды менен ойгондум, саат төрт. Таң агарып калган эле. Күн шооласы саргыч тарта түштү. Айылда ар бир короодо короздор кыйкыра баштады. Шүүдүрүм так көз алдыма пайда боло калды, балжайган капуста жалбырактарында тунук тамчылар куюлуп, оор тартып турду. Пияздын жаа сымал сабактары шүүдүрүмдөн көгүлтүр тартып турду. Ал эми бакчанын ичинде дарактардын алды кургак жана караңгы.
Коңшу үйдүн корозу канаттарын каккылап бир ирет кыйкырык салды эле, аны туурап башка короздор биринин артынан бири кыйкырыкты улап кетишти. Уктап калгандар аркасынан кууп жетишет.
Чыгышта асман кызгылт тартып баратат. Адегенде кичине созулуп, андан кийин улам сайын бийиктеп жана кеңейип тарай баштады. Мына эми асмандын жарымын таң жарыгы ээлеп алды. Тээ алыстан, мага көрүнбөгөн жерден, бак-дарактын артынан күн жылмайыңкы тартып көтөрүлүп келе жатты.
Таңкы салкын аба. Термометр 10 градусту көрсөтүп турат. Катуу дем алсаң ооздон буу чыгат. Короздор акырындап тынчый бара жатты. Айылдын ары жагындагы мүрзөдө, эски теректерде, түндөн жаңы ойгонуп каргалар какылдай баштады. Каркылдаган каргалар. Ал эми бакчада кашка чымчык сайрап кирди. Уйкудан жаңы ойгонгон таранчы тосмонун астынан учуп чыгып, алчанын бутагына отуруп чырылдап, жаңы бышып кызгылт тартып келе жаткан мөмөнү чокулай баштады. Менин да чокулагым келип кетти.
Карагат акырындан бышып жатат. Мөмөгө толгон сабактан жерге түшкөн карагаттар жерди кара-коюу кылып кооздоп турат. Эрте бышкан алча бир аз кызарып турса да, өзүнө тартат. Баарына жетет — таранчыларга да, бизге да, кедей-кембагалдарга да.
Таң куланөөк сала баштады. Асман оту улам сайын төмөндөп, агарып бара жатты: кызгылт, ачык-кызыл болуп, төмөндөп отуруп жок болуп кетти. Тээ алыста, бактардын ары жагында чоң кызыл күн жер сызыгынан тез-тезден көтөрүлдү.
Короздор тынчыды. Тынчтык тарай баштады. Бактардын арасынан суурула күндүн алтын нурлары тилке-тилке созулду. Ошентип таң да атты.
Ал эми күн бактардын үстүнөн көтөрүлүп шүүдүрүмдөр кургаганда, жаркыраган күндүн алдында дасторкон жайып жакшылап тамактануу керек.
Жайкы айылдын тамагы эң жөнөкөй: күндүн алтын нуру сымал чачыраган быштак, жаңы тартылган коюу каймакка чамгырдын тилимин терең малып, кыртылдатып чайнасаң; көк пиязга туздан сээп, ашкөк менен бадыраңды каймак менен аралаштырып таттуу тамактансаң. Табиятта, күндүн алдында, жайыл дасторкон үстүндө, алаканга салгандай бардыгы алтын, жашыл, кызыл болуп көзгө жагымдуу да, толумдуу да.
Анча ысый элек. Таңкы тынчтыкты таранчылардын сайраганы бузат. Тээ көз жеткис бийиктикте оболоп, чабалекейлер топтошуп чырылдашып учуп жүрүшөт. Бут алдымда ак гүлдөр гүлдөп, алысыраакта кызгылт-көк жана ак петуньялардын жалбырактары кооздук берет. Дуулдаган аарылар тиякка да, биякка да көз артышат. Дагы жакшы, алчанын алдындагы гүлкайыр бийиктеп өсүп, гүлүн ачты. Аарылар экиден-үчтөн болуп алышып, бир чоң гүлдүн бетине жайгашып ыракаттанышат. Таң атты. Күндүн жумшак илеби акырындан ысытат. Кышкы суукта муздакка урунуп, үшүп жана кээде онтотуп жаткан эки далымды күндүн ысык шоолалары дарылап жатканын сездим. Күн шооласынын ысыгы ооруган тамырларыма жумшак дары болуп кирет. Анткен сайын дымып калам. Жалбырактардын, чөптөрдүн арасынан жел аралап кетти. Ысыткан жерлерди муздата түштү.
Кайрадан күн шоолалары менин денемди, жаш өткөн сайын кургап бараткан сөөктөрүмдү жылытат.
Канаттарын желпилдете эки көпөлөк короону айланып учуп жүрүшөт. Чоң көк ийнелик канаттары менен жалт-жулт эте учуп кетти. Чымчык канаттары менен ышкыра учуп, үстүбүздөн көлөкөсүн түшүрдү.
Чай кайнап калды. Стол үстүндө таза бал турат. Кечээ жакында эле тартылган бал эле. Ачык алтын түстүү. Ак акациянын жана кок тикендин гүлү. Кадимки талаада өскөн гүлдөрдөй: жыттуу толкун сымал ысык июндун шамалы жүзүмдү аймалай өптү. Акация менен коко тикен бир мезгилде гүлдөйт.
Короо ичинде сыдырым жел жүрдү. Кайрадан тынчтык. Июнь айынын күнү менин жанымды жана денемди жылытат. Жайкы жылуу күн. Жылдын эң узак күнү. Биз канча күттүк. Андан кийин күзүндө, кышында бул күндү сагынабыз жана кайрадан күтөбүз.
Гүлкайырдын кызгылт гүлүндө аарылай дымый түштү. Албетте, болгон таттуулар ошол жакта. Мына минтип мен дагы, кудайдын бир жаратканы, атайын мага арналып ачылган гүлгө аары сымал конгонсуп мен магдырай түштүм: айланамдын баары жапжашыл, көк асманда алтын күн. Жайкы күндөрдүн бири.
Күн дагы алдыда. Алдыда баары күтүп жатат: күндүзү ысык, кечке маал салкын. Күнү бою сени төрт дубал эмес, башынан-аягына чейин курчаган жашыл айлана, көк асман коргойт.
Салтанаттуу жана сыйкырдуу жылдыздуу түнкү асман. Асманды бир топко карап турсаң түбөлүккө кетип бара жаткандай жан дүйнөң муздай түшөт. Күндүзгү жайкы асман — анын көгүш, көгүлтүр түсү менен, чексиз жана кучакка толгус тереңдиги менен, көз үчүн өлчөөсүз мейкиндиги менен, бийиктеги булуттары менен дайыма көөдөндү кубантат. Бийиктиктеги муздак асманды же андагы булуттардын көчкөнүн канчалык узата караба — бул көрүнүшкө тойбойсуң.
Ал эми жайкы жамгырчы?.. Күркүрөгөн күндүзгү чагылгандуу жаан. Күн нуруна жылтылдаган майда жаан...
Жайкы күн жакшылыктарга мол келет. Анан дагы, ал берекелүү жана кең пейил белек сыяктуу ушунчалык узакка созулат.
Түшкө маал жайдын ысык илеби урат. Көлөкөдө отуз градус ысыкты көрсөтүп турат. Бирок алма багынын алдында, анын жайылган бутагынын алдында кендирден согулган ийи майда кездемеден токулган креслодо отурсаң, андай какшыган ысыкты сезбейсиң. Жумшак шамал бакты аралай башыңды салкындатат. Чарбактагы ашкөктүн башы желге аргасыз термелет. Шамал тынчыды. Аны менен баары тынчтанып калды. Болгону бир чегиртке чөптүн арасында шыртылдатып жыргайт. Көк асманда топтошкон ак булуттар да бир жерде дымып калгандай. Алардан жогорураакта — тарам-тарам болгон булут созулат. Эки айры куйрук айланып жүрүшөт. Алгач төмөн жакта, көз жеткен жерде жүрүшкөн. Бир аздан кийин улам сайын жогорулап, акыры көзгө илинбей калышты. Көпкөк жана терең асманга сүңгүп кирип кетишти. Ал жерде салкын. Бир жолу Индияга болгон сапарымда Индия океанынын жээги дагарадагы жылуу сууга окшоп тургандыктан, сергиш үчүн муздакты самай улам тереңдеп, улам арылап отуруп тунук көк сууга жеткеним эске түштү. Бирок ал жерде көпкө кармалып тура албайсың... Ал эми айры куйрук көзгө көрүнбөй сызып кетти.
Шамал бүркүп-бүркүп согууда. Шуулдап барып кайра тынчыды. Күндүн ысыгында толкун артынан толкун сымал бүркүп, башты сергитип турду.
Мына эми минтип саат өтүп, кеч да кирип келет. Күн али бийикте турат, ал эми камкор тоок-эне жөжөлөрүн тоокканага айдап кирди. Жөргөлөгөн «күн» гүлдөрүнүн ачык кызыл нурлары жабыла түштү, анын аркасынан календуланын саргыч гүлдөрү да жабылды. Бирок күн дале алардын так бетине тийип турат.
Баары бир кеч кирди да. Чарбактагы кара чегиртке узун ырын баштады. Бактек болсо бийик теректин бутагында онтоп жатат. Саргалдак ыйлап жатат. Күн оту саргайыңкы тартып сууп баратат.
Кечки мезгил. Жалтылдаган алча дарагында мөмөсү кызарат. Үйдүн көлөкөсү караңгы тартып, ичи муздай түштү. Дарактардын ортосундагы жашыл жалбырактардан кечки жарыктын сары жолчолору узатасынан кетти. Короо жөргөмүшү түнү менен торун согуп жетишүү үчүн шашып жатты.
Асманда — күндүзгү көк дале созулуп жана булуттардын үстүнөн акырын кеткен тереңдик жаркыраган жылдыздарды көздөй бийиктикке узун жол алды. Баштан-аяк. Улам караңгы кирген сайын алардын саны да көбөйө түшөт. Ал эми күн батып бара жаткан мезгилде, батыш тарапта алар кеңири армада сыяктуу тынчтып калгандай. Тынчып калат да, чокудан бут алдыңа чейин жарык чачат. Ошондо асмандын жарымы кочкул-кызыл түтүнгө жана жалынга күйөт. Андан кийин күйүп бүтүп, таза жашыл айлананы узакка таштайт.
Жерде ачык күүгүм. Күн бүтүп бара жатат. Бирок жайкы жарык дагы көпкө созулат. Жана ошол жерде, анын ташкынында жаңы туулган айдын күмүш орогу, ал эми жанында күмүштөй тунук жаш жылдыз пайда болот.
Эртеңки календардык баракча мындай дейт: күн кыскарды, азырынча анча көп эмес. Тамчы артынын тамчы болуп тамып отуруп, өмүр сыяктуу кыскара берет. Мүмкүн болуп турган мезгилде күнгө жылынып алалы. Күн шашкеде, анча ысый электе. Андан кийин узун кышта жагымдуу жылуулук эске түшөт.