Географ глобусту ичип салыптыр

(романдан үзүндү)

Жайкысын кулачы жыйырма саржанга араң жеткен Поныш дарыясы азыр ашып-ташып, тигил жээктеги көз жеткен жердеги карагайга чейин жайпап кетти. Жаз кеч келди, чыкканда да шыр чыкты. Тоолордун боорлорунан, өзөндөрдөн эриген карлар шырылдап агып жатты. Бир агымга кошулган суу сынган бутактарды, оркойгон муздарды, үзүк-үзүк чымдарды, чирий элек жалбырактарды, кабыктын сыныктарын, карайган чөптөрдү заңылдатып агызып жөнөдү. Дарактардын бутактарына күрөң жөкө жыгачтын кабыктары юбка сымал оролуп калыптыр. Кир көбүктөр тез акмада созулуп, айлампаларга жеткен жерде оролушуп жатты. Поныш самогон сыяктуу киргилт эле.

Биздин рюкзактарыбыз чачылып, буюмдар суюк кайыңдын арасына чачырап кеткендей. Мен эргулдарды кыйылган дарактарды ирети менен туура жыйноого үйрөтөм. Куткаруучулардын кызыл жилеттерин кийип алган эргулдар күңкүлдөшүп, кийимдерин улам бир үймөккө сүйрөп таштап, башка жээкте самсаалап жүрүшөт.

Бир жарым сааттын ичинде эптеп-септеп баш-аягыбызды жыйдык.

— Эми каркаска узун бакан кесип келиш керек, — дедим мен.

Эргулдар бир жерге үймөлөктөп, кыжырдана тамекилерин соруп олтурушат. Мен балта менен ойноп, ышкырымыш этем. Акыры, кыжырданган топто ызы-чуу чыгып, ал бара-бара катуу талаш-тартышка айланат. Эргулдар бакан кыюуга ким барарын чечип жатышат. Акыры, төрт буттап арты менен жылып топтон Тютин ыргып чыгып, ордунан туруп, менден балтаны алып, кыңылдаган боюнча кайыңды карай сүйрөлүп жөнөйт. Баары унчукпай отуруп тамеки тартышат. Мен дагы. Тютин ичке карагайларды кучактаган боюнча кайтып келет.

— Бул өтө эле ичке, — дейм. — бекемирээги керек.

— Сен, блин, Курмандык, бакан кыйганы кайра жөнө! — деп кыйкырат Градусов.

Кыздар капталга барып, жээкке отурушат. Эргулдар суналып жатышат. Мен унчукпай тамеки тартам. Тютин бадалды аралаган бугуга окшоп окчунураак бадалдардын арасында турат.

— Каркас, мейли, ичке кашектерден болсо болсун. Бирок айтым коёюн: алар сынып кетиши мүмкүн деп эскертем.

Катамаран кантип жыйналаарын түшүндүрүп жатам. Гондолдорду кантип бышып толтуруу керектигин көрсөтөм. Баарына бул эң оңой нерседей сезилет. Градусов, Демон жана Овечкин мени карай умтулушту. Баарынан озунуп Градусов насосту колго алып, бардыгын бир сыйра баштан ары чаап чыкты. Мейли, катамаранды Градусов үйлөсүн.

Мен алкак токууну үйрөтөм. Баары мени тегеректеп, колдорун чөнтөгүнө салып, кабактарын салаңдатып карап турушат Унчугушпайт. Мен токуп жатам. Баары карап турушат. Мен токуп жатам. Баары жалдырап карап турушат. Мен мындай дедим:

— Адам дүйнөдө үч нерсени чексиз карай алат: күйүп аткан отту, түшкөн түкүрүктү жана башка бирөөнүн жумушун.

Борман катуу ынтыгып, тизелей олтура калып, арканды колуна алды. Ага кошулсамбы же кошулбай эле койсомбу деп ыргылжың болуп, үшкүрүнгөн Чебыкин кошулат. Андан соң үңүрөйгөн Овечкин дагы кошулду. Демон менен Тютин дагы деле кайың дарактарынын арасында жатышат.

Катамаран жай болсо дагы, курула баштады. Ичке бакандардан токулган алкакка биз төрт гондоланы — бир катарга экиден байлап бириктиребиз. Андан кийин торду тартып, чоң арканды бурап байлап, өз кемебизди сууга түшүрдүк. Баары ойлонуп, аны тегерете карап жатышат.

— Дүүлүктүргүдөй болду, — дейт Чебыкин.

— Биздин айылда дагы бир бала үйлөмө кайыкта сүзүп жүрүп, бир күнү чөгүп кетти, — деди Тютин акырын.

Баары көпкө унчукпай калышты.

— Пилдин азуусу го, — дейт Градусов акыры.

— Мейли, орундарды бөлүштүр, — деп сунуш киргиздим мен. — Менин ордум оң жакта.

Оң жакта командирдин орду. Ал эми эргулдар эмне үчүндүр кайыктын ичиндеги орундар пенделердики, ал эми мыкты орундар кайыктын тумшугунда деп билишет. Оң жактагы гондоланын тумшугуна Градусов көмкөрөсүнөн түшүп, колу менен кайыкты кучактап баарын талкалачудай түр көрсөтөт. Чебыкин менен Овечкин аны кайыктан сүйрөп түшүштү. Градусовдун өтүгү көкүрөккө бир тийгиче Тютин тегерене секирип жүрдү. Тютин жерге көмкөрөсүнөн жатып, унчукпай калды. Чебыкин менен Овечкин Градусовду эки буттан алып сүйрөгөнчө, Борман сол гондоланын алды жагына шып этип жайланышып алды. Бышык Демон Бормандын артына кийим-кечегин жайгаштыра салды. Андан кийин төртөөлөп Градусовду силкип-силкип алышты. Чебыкин оң жактагы орунду ээледи, ал эми Овечкин Чебыкиндин артындагы орунга жайгашты. Градусов Борман менен Демондун колунан суурулуп чыгып, Чебыкиндин кайыктын алкагына бекем байланган рюкзагын катамарандан тарткылай баштады. Баары кайрадан Градусовду сүйрөп, «алкаштар кайыктын ортосунда үн катпай отурат, мисалы Географ сымалдар» деп кыйкырышат. Градусов Чебыкиндин рюкзагына түкүрүнүп, кайыкка бет алды.

Мен кыздарды жайгаштырууга жардам берем — Градусовдун алдына Люсикти олтургузуп, Машаны алдыма алдым. Эсин жыйган Тютин ордунан туруп, катамарандын ортосунда гана орун калганын көрөт. Эми кайда отурууну гана тандаш керек — оңгобу же сол жагынабы?

Тютин калакты алып, эмнегедир өйдөрөөк туруп, узака чейин калакты кайсы колум менен шилесем деген кыязда ойлонуп турат. Сол колу менен шилеген ыңгайлуу экени аныкталды. Ал рюкзагын сол гондолага салды. Градусов эгерде жабырлануучунун желкесин көрүп калса, аны дароо бычыратып салам деп коркутат. Тютин үшкүрүп, оң гондолага акырын жылып кетти. Ошентип тирешүү басылды.

— Эми түшкү тамакка отун камдаш керек, — дейм мен.

Эргулдар кайың дарактарынын арасында ачуусун ичине катып үн катпай тынч отурушат.Тамеки чегип жатышат.

— Жигиттер... — деп Люська жаалооруду. — Силерге эмне болду?.. Борман...

— Мен эмне, анжырмынбы?! — Борман каяша кылды. — Дайыма эле Борман! Борман!.. Атка жеңил, тайга чагы менминби? Тигил Демон барсын!

— Мен бара албайм. Мен колумду кесип алдым. Мына, карагыла.

— Сен эмне мага жаман колуңду көрсөтөсүң? — деп өкүрдү Градусов. — Тур дагы, жөнө! Мен деле бутумду сүрдүрүп алдым! Андан эмне болот эле?

— Бут деген бут да, отунду кол менен кесесиң.

Ызы-чуу ого бетер күч алды. Көп өтпөй баары өкүрүп-кыйкырып, көкүрөгүн каккылап, бири-бирине балта ыргытып, мертинген жерлерин көрсөтө башташты. Тютин акырын жыла басып, бадалды карай жөнөдү.

— Виктор Сергеевич, — дейт Маша чаалыккан түр менен. — Сиз көрүп турасыз го — булар от жага алмак беле?.. Балким, жөн эле шам-шум этип албайлыбы?

— Биринчиден, — деп жооп берем мен, — алар үйдөн алып келгендеринин баарын жеп алышты...

— Мен жеген жокмун, — Люсик дароо сөз кыстара салды.

— Экинчиден, — мен сөзүмдү уланттым, — чыдагыла, кыздар. Ошентиш керек. Үчүнчүдөн, токойго барып, Люськанын пирогдорун үчөөбүз жеп алалы.

— Үчөөбүз жеп алганыбыз туура эмес, — дейт Маша ишенимдүү. — Бөлсөк, баарына тегиз бөлөлү.

— Маша, мени түшүнүүгө аракет кылба, жөн гана мага ишенип кой. Ошондо мен туура кылганымды көрөсүң. — Маша абдырап, унчукпайт.

— Ооба, ал сизге ишенет, бирок экиленип жатат, — дейт Люська.

— Келесоо десе, — кызыраңдап жооп берет Маша.

Үчөөбүз токойго барып, Люськиндин бутерброддорун, вафли жана чиптерин жеп алдык. Жарым сааттан кийин кайтып келгенибизде эргулдар баягы эле калыбында жээкте жатышат.

— Тигине отун... — деп Градусов мага бутунун учу менен кыркылган кайыңдын кичинекей үймөгүн көрсөтөт.

Мен бир кайыңдын бутагын алып, ийип көрдүм.

— Бул отун эмес, суу бутактар, — дейм. — ал аз келгенсип, абдан аз. Отко казан илчү ача бутак кана? От тутанттчу кургак бутактар кана? Суу куюлган казандар кана? От кайда? — Эргулдар үңкүйүп жооп бербейт.

— Анда эмесе мындай.Түнөй турган жерди табыш үчүн биз азыр жолго чыгышыбыз керек. Эртең мененки жана түшкү тамакты кечинде бириктирип жейбиз, — деп сөзүмдү жыйынтыктайм.

Мына, биз кайыкта сүзүп баратабыз. Мен ушул жөнөкөй сөздөргө чыныгы мазмунду туюндура алам деп көп күттүм: биз сүзүп баратабыз. Билектерим, жаактарым, кулагымдын учтары менен мен абанын нымдуу тазалыгын сезем. Калактын ар бир шилегени сары киргилт сууга эки оюкча из калтырып, өзүнчө бир кооз жасалга сыяктанат. Жыл бою менин жандүйнөмдө дат баскан кусалык чеңгелдерин акырындык менен бошотуп бараткансыйт. Мен көптөн бери алгачкы ирет мени кубанычка бөлөй турган жолдо бараткандай сезем.

Эргулдар күтүлбөгөн жерден ачка экенин, ал тургай чарчаганын унутуп калгансыды. Алар чыныгы тайгада чыныгы дарыя менен сүзүп бара жатышканына нес болгонсуду. Алар калакты башаламан шилегилеп, кыткылыктай башташты.

— Дүүлүктүргүдөй!.. — Чебыкин ыракаттана кобурайт.

Поныш карагайлардын арасында, бийик эки карайган тосмолордун ортосунда күн батканда жаркыраган янтарь жолу менен тез жылып баратат. Дарыянын үстүндө күрү-гүү — бадалдардын шуулдагы, анын үнү мейкиндикке жаңыргансыйт. Биздин жаныбызда — калак менен жеткидей жерде карагайдын бутактары тарбаят. Күн уясына батып бараткан кечтеги булуттар балыктардын куйруктарын жана сүзгүчтөрүн элестетип, өрткө бөлөгөнсүп кыпкызыл. Асмандын жапайы, кыпкызыл оттуу учу бизди күндүн түпсүз айлампасындай тиктегенсийт. Тайга мухитинин чок ортосунда — жел үйлөп толтурулган кайыкта бир ууч адам баратат. Мунун өзү алкымыңа такалган бычактай, алгачкы сүйүүдөй, акыркы ыр саптарындай сезилет.

— Географ, тиги алдыдагы эмне? — деп Борман суроо салды. — Үйбү?

— Балким Пермь болуп жүрбөсүн? — Тютин үмүт менен болжолдоду.

— Сүзүп жеткенде көрөбүз, — дейм мен.

— Блин, бул аскалар тура!.. — Чебыкин кыйкырып ийди.

Узун жаадай жол менен алдыга жылып баратабыз. Бурулуштагы зоокалар таш дубалдар сыяктанып, бизди карай жылгансыйт. Капталдарыбызда көшөгө сымактанып карагайлар тирелет. Чөпкө тарак сымал өркөчтөрү бар динозавр жашырынып жатып алгансып, сол жээкте укмуштай чоң аска жапайы карагайлардын тереңинде караят. Чебыкин коркконунанбы же же кубанганынбы, айтор узакка ышкырык салды. Мындай ышкырык менен бомба келип түшөт эмеспи. Эргулдар уркуйган таш урчуктарга көз чаптырып, калакты шилегенди токтотушту.

Поныш аралап агып бараткан жалпы тоо тектеринин пайдубалында көлөмдүү эки ийри аска тирелет. Сол жактагы, жогорудагы аска үч тиштүү, ал эми оң жагындагысы төрт тишке бөлүнүптүр. Бийик аскалардын ортосунда таңгаларлык бургу сымал жогору карай буралып, аягында шишик тарткан ичке кетик мунара — бул Шайтан сөөмөйү. Жети чоку — Жети бир тууган, Жети адамдын аскасы. Карагай найзалары Бир туугандардын кабыргасынын астына кирип кеткендей сезилет.

Поныш бизди асканын алдына оп тартып сүйрөп бараткандай. Биз баарыбыз чогуу башыбызды буруп, өйдө жакты карап калдык. Кышты кыйшык коюп койгондой экен. Эски аскалар. Таш катмарлары чексиз оордуктун салмагы алдында жарака кеткендей. Жогорудан аккан сууларга жик салган жана күрөң лишай менен капталган жаракалар жана тырыктар сыяктанат. Жаракалардын арасынан амбразурадан сунулган мылтыктар сыяктанып, жогору жактан карс этип сынып кулап түшкөн дарактардын бутактары сороюп чыгып турат. Ал эми капчыгай ичинде таш урандылары жана куурап калган дарактардын бутактарынын артында катып калган чулу таштар зыңкыят. Ал эми коркунучтуу бийиктикте тоо кыркасын бойлой күн нурларына чагылышкан кызыл карагай таажылары созулуп жатат.

Күтүлбөгөн жерден Борман калакты силкилдетип, кыйкыра баштады. Мен чокудан ылдый карап, дарыяга көз чаптырам. Төбө чачым тик турду. Поныш аскадан ылдый түшүп, дарыянын агымына туурасынан жатып калган узун ташка чалынып, кулап түшкөндөй.

Жалтырак суу агымы жалпак таш менен ылдый тоголонуп, бычак сыяктуу буркан-шаркан ийримге кирип, көбүктөнгөн суу өйдө чачырап жатат. Биздин катамаран агымка капталдап кирди. Көз ирмемден кийин биз оодарылып кеткени ­калдык.

— Сол капталга калак шиле! — деп өкүрөм мен.

— Табань! — деп Борман өкүрдү.

— Чеба, шалпаке, азыр өлтүрөм! — деп Градусов дагы кем калбай өкүрөт.

— Артка! — деп Чебыкин акырын үн чыгарат.

— Кайрыл! — деп Овечкин ызылдап кирди.

— А-и-и!.. — деп Тютин боздоп жиберди.

Мен болгон күчүмдү жумшап бүт денем менен артка чиренип, өтүгүм менен кайык алкагынын тилкесин бурай салдым. Калактардын саптары күч келгенден кычырайт, ал эми калактын алдынан көбүк сойлоп чыга баштады. Катамаран саамга титиреп барып, акыры тумшугун тоскоолдукту карай бурду. Чиренгенимден аркамда жип үзүлүп кеткендей сезилет. Биз күн батканда билинер-билинбес жылтыраган суунун күзгүсүнө кирип, агымдан ылдый күп куладык.

Буркан-шаркан түшкөн ак көбүк Борман менен Чебыкинди кучагына ороп кетти, андан кийин Демон менен Овечкинди мойсоду. Катамаран ортосунан ийилди эле, суу ташкынынан жарылып бараткан алкак көзүмө урунду. Эргулдар суудан сүзүп өйдө чыгышат, ал эми көбүктүн тили Тютиндин үстүнөн тоголонуп, Маша менен Люськанын тизелерин жалмап баратат. Градусов экөөбүздүн өтүктөрүбүздү болор-болбос чийип өтүп, кимдир бирөө күч менен катуу түртүп жибергенсип сууга чыланган катамаран босогодон шарт этип чыгып кетти.

Мына ошондо Тютиндин капысынан акырындык менен алкакка чөмүлө баштаганын көзүм чалды. Тютин үн катпады. Коркунучтан улам чанагынан чыгып кетчүдөй алайган көздөрү жана кичинекей жымырылган эриндери гана көзгө чалдыкты. Кайык дал ортосунан — эки жуп гондолалар бириккен жерден сыныптыр, дал Тютиндин астынан сынган экен. Эми катамаран акырындык менен эки бөлүккө бөлүнө баштады.

— Жабырлануучуну карма!.. — озунуп Градусов өкүрдү.

Маша, Люська жана Овечкин Тютинге жапырт жанталашып жабышып калышты, ал суудан сороюп белинен чыгып турду. Азыр Тютин биздин катамарандын эки бөлүгүнун ортосунда байланыштырган жалгыз данакер эле. Ал дарбазалардын ортосундагы сарайдын кулпусу сыяктанып, көкүрөгүнө чейин сууну кечип кайыктын эки бөлүгүн кармап турат.

— Жээкке! — деп мен буйрук берем.

<...>

Жети кишинин чокусу — карагай жыш өскөн бөксө тоо. Ал жардын үстүнө арсайып чыгып турган Бир туугандардын тиштерин карай өтүп кетет. Тиштерди аралап таманын бутактар басып калган ийри-буйру жалгыз аяк жолдор өтөт.

Биз жардын четине чыгып калдык. Төмөндө — жүрөк үшүн алган коркунучтуу жар. Алдыда чытырман тайга созулуп жатат. Тайга туманга оролуп жапжашыл, жумшак, жайбаракат толкундар сымал тигил дөңсөөгө көтөрүлөт. Дал ошол жерден аскалар чорт үзүлөт. Андан ары аска да жок,суу дагы жок, жалгыз аяк жолдор дагы жок, кыштак дагы жок — жалаң жапжашыл токой уланат.

— Дүүлүктүргүдөй!.. — деп Чебыкин күңкүлдөп тегерекке суктанууда.

Биздин көз алдыбызда Шайтан сөөмөйү үн катпай чокчоюп асманга көтөрүлүп чыга келет. Ал жер тубүндөгү кендерге таянып, кескелдириктердин сөөктөрүнүн арасынан суурулуп чыккандай. Бийик чоку типтик көтөрүлгөн кобра жыланга окшоп, адамды арбап алчудай. Мен анын таш ирмөөчтөр алдынан үнсүз, адамдардыкынан башкача бир көз карашын сезип турам.

— Фу, бирөө тиктеп тургансыйт да?.. — деп Люська денесин жыйрып ичиркенет.

Эргулдар таш мамынын жанынан шашып-бушуп өтүшөт.

— Географ, бул капчыгайларды аралап жүрсө болобу? — деп Чеба суроо узатат.

— Барсаңар баргыла, — деп уруксат берем мен. — Бирок, абайлагыла, ал жактан учуп кетпегиле...

Чебыкин капчыгайлардын бирине кирип көрүнбөй калды. Башкалары эмнегедир маалкатып турушат. Күтүлбөгөн жерден Чебыкин Бир туугандардын тиштеринин арасынан чыга калды.

— Эг-ээй, мына, азуулар экен!.. — деп алыстан кол булгады.

— Батыраак түш!.. — деп Маша менен Люська үрөйлөрү уча кыйкырып калышты.

Бирок Чебыкин өзүнчө эле ыраазы болуп, каткырган боюнча ары-бери басып, бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй жаракаларга түшүп, аска арасында жүргөн чымын сыяктуу жылып жүрөт. Жаза басып албагай эле дегенсип, мен анын кыймылын былк этпей байкап турам. Кыймылдасам мен аны түртүп жиберчүдөй болуп чочулайм. Эргулдар дагы муштумун кысып, булчуңдарын чыңап турушкансыйт. Люська алаканы менен бетин жабат. Мен калтыраган колум менен тамекини фильтрининен эмес, тескери тиштеп, эч нерсени байкамаксанга салып тамеки тартам. Чебыкин акыркы эң бийик, курч жана кол жеткис арсайган тишке чыкты. Ал бир нерселерди кыйкырып, баш кийими менен булгалап, бизге көчүгүн салып, аны чапкылап койду.

— Бүттү, Чебенин соодасы бүттү, — дейт Градусов тиштене.

— Тигинде үңкүр бар экен!.. — Чебыкиндин кыйкырган үнү бизге жетти.

Андан соң ал шамдагай кыймылдап азуулуу таштын арасынан кайра чыгып, үңкүргө тезирээк жетүү үчүн жарым жолдон бурулуп кетти.

— Келгиле, биз дагы үңкүргө баралы, — мен эргулдарга сунуш киргиздим. — Тигил жерге...

Биз мох баскан, нымдуу, муздак жана караңгы капчыгайга түшүп баратабыз. Капчыгай тик, урчук таштары ылдый салаңдап турат. Эргулдар колдору менен нымдуу таштарга жабышып, чириген чөптөр жана сынган нымдуу бутактарды басып сыйгаланып араң баратышат. Кээде жалпак учтуу сынык таштардан аттап өтүшүбүз керек экен. Төмөндө эргулдар кыздарды жыгылып кетпесин деп саксактап турушат. Маша бүгүн мени таптакыр байкабагандай.

Мен акыркы болуп, ушул туурасында ойлонуп баратам. Кечээки окуядан уялбайм, Машанын көңүл бурбай койгонуна деле кайылмын, балким жактырбаса жактырбагандыр. Мен көңүлүмдө Машанын дубалынын терезесин кыш менен туюктап салгансыдым. Көңүлүмдө — жүрөгүмдүн тушунда жаңы тешик жаралгансыйт, ошол жердин кышын бошотуп койгон окшойм.

Алды жакта, ылдыйда Чебыкин кылактап кетип баратат.

— Бас бери, эчки! — деп жинденет Градусов.

— Эс алсаңчы! — деп кеңеш берип Чебыкин каткырган боюнча урчуктан нары бурулат.

Акыры биз тегиз, жылаңач жерге чыга келдик. Асканын боорунда үңкүрдүн үч бурчтуу тешиги аңыраят. Эргулдар үңкүрдүн оозуна келип, карап турушат.

— Тигил жерде жар бар экен, — дейт Овечкин.

— Чебыкин кантип түшүп кетти? — Люська таң калычтуу суроо салат.

— Буу-буу-буу! — үңкүрдөн түшүндүрмө берген дабыштар угулат.

— Тапкан экенсиң майбашты, — Борман ыргылжың макул болгонсуйт. — Арабызда маймылдар жок да, аскага секиргендей.

— Биздин айылда бир бала аскаларга чыгып жүрүп, бир күнү учуп өлүптүр, — дейт Тютин.

— Деги айылыңарда тирүү бала калдыбы? — Маша какшык аралаш суроо узатат...

— Чеба кайда чыгып кеткенин билесиңби? — деп суроо узатам мен. — Илгерки заманда бул үңкүр...

—...ажаткана болгон! — деп Градусов боорун тырмап каткырат.

—...ыйык жай жана бул жердеги аянтчада таш Кудайлар турган.

— Кайсы ыйык жай? — деп Люська таң калат. — Бул жерде бирөө жашады беле?

— Бул жерде адамзаты алда качан унутуп калган улуу элдер жашаган. Бул жерде чептер, каналдар, буткана болгон. Төрөлөр, дин кызматчылар, жылдызды карап төлгө салгандар, акындар жашаган. Согуш жүрүп, шаарларды чабуул менен алып, күчтүү уруулар аска-зоолордун арасында айыгышып салгылашкан. Мунун баары болгон иш. Эми өтүп кетти.

Эргулдар аябай кунт коюп угушту. Мектептеги сабактарда мен мындай нерсени көргөн эмесмин. Алардын көзүнөн мен алардын эмнени сезип жатканын түшүнөм. Алар, албетте, мага окшоп Шайтан сөөмөйүнүн жанындагыдай көзгө көрүнбөгөн жана түшүнүксүз көз карашты сезишти. Эми алардын буттарынын алдында жер сүйлөп киргенсиди. Жер казынасына чейин, жырткыч кескелдириктердин сөөгү көмүлгөн кыртышка чейин күтүлбөгөн жерден мааниге ээ болуп, канга боёлуп, тарыхка толуп чыккансыды. Үңкүрдүн ичинен чыккан илеп Чернобыль жеринин радиациясы сыяктуу адамдардын денесин көзөп өтүп асманга умтулгандай. Күтүүсүздөн тайга жана аскалар ысымы-аты жок жапайы ээн жер, эптеп салынган кыштактар менен ууру-кескилер жашаган лагерди кучагына ороп алган калың чытырман болбой калышты. Тайга жана аскалар күтүлбөгөн жерден жашоодо маанилүү нерсеге айланды, баарынан болбосо дагы, абдан маанилүү нерсеге айлангансыды.

— Географ, катуураак сүйлөчү!.. — Чебыкиндин кыйкырган үнү угулат.

— Андан көрө сен чык! — Борман жооп кылып кыйкырат.

— Атаңдын башы, силер мушташасыңар да... Географ, катуурак сүйлө!..

— Археологдор бул жерде казуу иштерин жүргүзүшкөн, — мен Жети адам жергеси тууралуу окугандарымды жана уккандарымды айтып берип жаттым. — Алар курмандыкка чалынган көптөгөн жаныбарлардын сөөктөрүн жана жебелердин учтарын табышкан...

— Сөөктөрдү сен жоготтуңбу, Жабырлануучу? — Градусов Тютинди капталга түртөт.

— Таптым! Таптым! — деп үңкүрдүн түпкүрүнөн Чебыкиндин толкунданган үнү угулат. — Жебенин учу табылды!..

Үңкүрдүн алдындагы эргулдар толкунданып, жандана түшүштү.

— Чык дейм, сасыткы! — деп Градусов кыйкырат. — Коркпо, тийбейбиз! Эркекче айтылган сөз!

Саамдан кийин Чебыкин үңкүрдөн чыгып, мага узун ташты сунду. Эргулдар ташты аярлап айланта карашып, манжаларынын учтары менен тийип көрүштү. Таш — кадимки эле таштын сыныгы экен.

— Бул эмне? Жебеби? Найзабы? — көздөрү жылтырап Чебыкин суроо салат.

— Мамонттун ташка айланган боктору, — дейм мен.

Эргулдар каткырып калышты. Чебыкин ыңгайсыздана ташты чөнтөккө катып койду.

— Силерге азуулар, балким бок болсо болгондур... — деп өзүнчө күңгүрөнөт Чебыкин.

Биз капчыгайды бойлоп кайра өйдө карай жөнөдүк. Мен акыркы болуп баратам. Жигиттер алдыга умтулуп, кыздар тууралуу унутуп калышты. Мен Машаны колтуктан алайын дегенде, ал бурулуп, мени коомай түртүп койду.

— Кереги жок! — деди ачууланып, саамга үн катпай минтип кошумчалады: — Сиз мага таптакыр жакындабай эле коюңузчу!

Түшкү тамактан кийин артка сүзүп кетиш үчүн кийимдерибизди чогулта баштадык. Борман байкатпай менден кеңеш алат. Маша мени байкамаксанга салат. Ал муну элге көрсөтө жасаган жери жок, мунун өзү көңүл бурду дегенди билдирет эмеспи. Адам чечилип кеткен боосун байкабаган сыяктуу, Маша мени байкабайт. Бирок менин көңүлүм тынч. Маша меники экенин билем. Мен аны менен эмне кылышты билбейм. Менин тагдырымдагы анын ордун таппай жатам. Бул мен үчүн ачуу чындык. Мен аны сүйөм. Мен азыр саякатта жүргөнүбүзгө аябай кубандым. Жөө жүрүш тагдырдын коругу сыяктуу. Чатырдан рюкзак чогултуп жатып, Машанын Овечкин менен сүйлөшкөнүн угам. Ал экөө чатырда. Аларды дүйнөдөн дубалдар бөлүп тургандай сезилет.

— Сен бүгүн түшүнүксүз болуп жатасың... — деп Овечкин акырын сөз жылдырат.

— Мен түшүнүктүү элемин, — Маша атайылап катуу жооп берет. — Колуңду тарт.

— Эмне, Географтан уламбы?

— Сенин ишиң болбосун.

— Менчи, мен кантем? — саамга дымый түшүп, акыры Овечкин суроо узатат.

— Аны өзүң чеч.

Мен Овечкинге боорум ооруйт. Машанын мүнөзү өтө катаал. Люська болсо бир жөн, ал башкача. Биз Жети бир туугандан ылдый түшүп баратканда ал эңкейиште кулап түшүп, ыйлактап, көтөргүлөчү деп жалооруй баштады.

— Болуптур, кел, — деп Борман макул болду.

Ал Люськаны желкесине отургузуп, лагерди карай көтөрүп жөнөдү. Дагы жакшы, лагерге чейин эки жүз метр эле калган.

— Градусов, бүгүн дежурсуң, — деп түшкү тамакта Борман эске салды.

— Бар, казандарды жуу, — деп Люська Градустун жарасына ого бетер туз сээп, Бормандын айланасында күйпөктөп жүрөт.

— Жалгыз бармак белем! — деп кыжынат Градусов. — Географ кошо барсын!

— Ал сенин ордуңа эртең мененки тамакта дежур болгон, сен уктап жаткансың.

— Менин эмне ишим бар? Мени ойготуш керек болчу! Негизи Борман мага начальник эмес! Мен ага каршы болгом!

— Аны көпчүлүк тандаган, демек, ал — командир!

— Андай болсо казандарды ошол көпчүлүк жуусун!.. Болуптур, ал командир экен, а сен эмне куюшканга кыпчылып буйрук берип жатасың? Ошончо эле кыйын экенсиң, өзүңдүн Борманыңа буйрук бер, Митрофанова, түшүндүңбү?

— Эмне болуп Борман меники болуп калыптыр? — Люська таң кала түштү.

— Ал сени өркөчүнө салып сүйрөп жүрбөйбү, бок салынган мүшөк сыяктуу...

— Ооба, мен аны сүйүп калдым! — деп ачууланат Люська. — Сен ичиң күйүп, кызганып жатасың, анткени сен сапсарысың жана мурдуң момундай! — деп Люська кулачын жайып көрсөттү.

— Кызыга турган нерсе болсо кана! — деп катуу кыйкырып Градусов казандарды кармалады. — Сүйсөң сүйө бер, бокту дагы аямак белем!

Люсканын айланасында мындай талашты көрүп, Демондун жүрөгү түшүп калды. Ал бир нерсе кыстара коёюн деп аракет кылат, бирок аны эч ким байкаган жери жок. Айласы кеткен жалкоо Демон акыры эрдик кылганы калды. Түштөн кийин ал Люськага Градусовдун рюкзагын катамаранга байлап койгонун айтат.

— Оой, ыракма-ат!.. — деп Люська кубанып, ошол замат минтип кыйкырат: — Борман, тиги Градусов эмне эле ылай чачып калган!..

Градус жинденип, баарына жулкунуп, туш келген буюмдардын баарын тепкилеп жүрөт. Акыры кетээрден мурда, ал гана даяр эмес болуп чыкты. Ал тегеренип кыйкырып-өкүрүп жүрөт:

— Борман, менин рюкзагым кайда? Мен аны эң биринчи болуп чогулткам!

— Сенин рюкзагың тигине, — деп Борман бадалды карап акырын башын ийкегилейт.

Градусов рюкзагын сүйрөп чыгып, жийиркенип жерге ыргытып жиберет.

— Бул меники эмес, кайсы бир кейбирдики го!

— Бул меники... — деп Люська чырылдап жиберди.

Демон аргасы жок жылмайып, ийиндерин куушурат. Айтор эптеп-септеп чогулуп, акыры дарыя менен сүзүп чыктык.

Кайрадан бизди Поныштын саргыч, мас болгондой суусу алдыга алып жөнөдү. Кайрадан суу каптаган карагайлардын жанынан жылып өтүп баратабыз. Тайга үстүндө салаңдаган булуттар самсаалайт. Анда-санда көрүнгөн көк асмандын узун жарыктары алыста жылтырайт. Күндүн нуру жарык кылган алыскы бийик жерлерде токой тунук малахиттей жаркырайт. Тоо кыркаларынын боорлорунда алыстан токойго чөгүп кеткен аскалар агарып көрүнөт. Бөксө жердеги катуу таштуу урчуктар кээде суу ичкени келген, суудан ылдый салаңдаган жырткычтардай болуп дарыяга чейин созулуп келишет. Суу бизди алып баратат, жээктер чубалып улам артта калып, асман менен жерди бөлүп турган сызык бирде карагайлардын учтарына чейин көтөрүлүп, бирде тоолордун жумшак толкундары сымал ылдыйлап түшкөнсүйт, жердин дем алганы сыяктуу.

Кечинде жээкте үйөр сындырган дарактар учурап, мен тынчсыздана баштадым. Дарыянын аркы өйүзүнө туурасынан кулаган мындай «тарактар» биздин гондолаларды оңой эле тытмалап салышы мүмкүн. Алды жактан мен агымдын үстүнөн үч бурчтанган узун карагайды көрдүм. Шамал үйлөсө эле карагай кулап түшүп, дарыяны тосмо сыяктуу тосуп калышы ыктымал. Мен катамаранга тура калып, алдыга көз чаптырам. Мен сууга кулап калган бир, эки, үч, дагы бир нече карагайды көрдүм.

Иш чатак. Биз дарбазанын устунундай болгон карагайдын асты менен сүзүп баратабыз. Бул дарбазалар кыйылган карагайлардын падышалыгына алып барат.

Катамаран бир таракты айланып өтөт, андан кийин борттор чайпалып, экинчисин өттү. Борман аптыкпай, токтоо буйрук берип келет. Бирок үчүнчү таракка биз катуу илиндик. Градусов буттарын тарбактатып карагай менен күрөшүп, эптеп кызарып-татарып, бети-башы чийилип чыкты.

— Азууга урундук! — деп ал Борманга өкүрөт. — Ойлонуп буйрук бербейсиңби!

Ошол замат бизди суу агымы башка карагайды карай сүйрөп жөнөдү.

— Баарыңар ылдый жаткыла! — деп мен кыйкырып кирдим.

Намазга жыгылган мусулмандарга окшоп, экипаж толугу менен ылдый жата калды. Биз карагайдын алдына учуп кирдик. Бутактар желкебизди, аркабызды, кийим-кечебизди жаап койгон тентти тытмалайт. Желкебизге карагайдын кургак ийнелери, жыгач кабыктары толуп калды. Поныш бизди карагайдын сөңгөгүнүн аркы өйүзүнө шилеп чыкты.

— Ата-ас! — Чебыкин күтүлбөгөн жерден катуу өкүрүк салды.

Биз азыр кайыңдын тарагына бортубуз менен урунганы калдык.

— Калак менен кайыңга таянгыла! — деп кыйкырам мен.

Алкынган агымдын күчү ушунчалык күчтүү болгондуктан, калактар колубуздан чыгып-чыгып кетпей араң кармалат. Капталыбыз менен бутактарды кычыратып сындырып кайыңга урундук. Мен алкакка жабышып, буттарым менен кайыңдын соккусун тосуп алдым. Бизди тарактын астына сүйрөп кетпеш үчүн мен аны күчүмдүн жетишинче түртүп жатам. Кайың өтө төмөн жаткан үчүн бульдозердин бычагы сыяктуу бардыгыбызды сууну карай ылдый сүйрөп барат. Поныштын каршылык көрсөткөнүбүзгө ачуулангандай түрү бар. Сол бортту бойлой бийик толкун чыга калды. Сол жактагы гондола анын чокусуна калкып чыкты. Биз оң тарапка кыйшайып, албууттанган толкун бизди кайыңдын астын карай агызып кирди...

— Тютин, Маша, тез сол бортко! — деп буйрук берем. — Баарыңар куткаруучу жилет кийгиле! Овечкин, бутактарды алды жагынан кырк!

Менин жанымдан сөлөкөттөй болуп Овечкин балта көтөрүп учуп жөнөдү. Ал кайыңдын сөңгөгүнө ээрге олтургансып олтура калып, алдындагы бутактарды шашылыш кыя баштады.

— Овечкин, артка!.. — дейм мен жарылып кетчүдөй болуп.

Овечкин унчукпайт. Анын бети аппак болуп агарып кетти. Чекесинде кан тамырлары шишип чыкты. Балта өйдө-ылдый шилтенет. Жыгач чамындылары мени карай учуп атат. Карс этип катуу үн чыгып, бутак сынды — сөңгөк катамаранды бардык бутактары менен кучактап, сууга кулап түштү. Чачыраган суу Градусов экөөбүздү шалп этип жайпап кетти. Кайыңдан бошонгондон кийин катамаран шарт эте алдыга жылды. Көз ирмемде мен Овечкиндин кесилген сөңгөккө минип отурганын көрдүм. Саамдан кийин Овечкин жарганатка окшоп, кетип бараткан катамаранга секирип көкүрөгү менен жыгылды. Биз Градусов экөөбүз аны суудан алып чыктык. Эми дүүлүгүп, бирок суу тоскоолдугунан бошонгон бизди Поныш андан ары алып жөнөдү.

— Сен эмне, акылдан адаштыңбы?! — Градусов Овечкинге өкүрдү. — Сен эмне, сууга чөкпөгөн Буратиносуңбу?!

Маша Овечкинди карайган олуттуу көздөрү менен тиктеп калды.

— Ал бизди куткарып калбадыбы!.. — дейт таң калган Люська.

— Дагы тарак! — он мүнөттөн кийин Борман кайра кыйкырды.

Эми дарыянын нугунда бутактары тарбайган дөңкөйгөн карагай жатыптыр. Анын бутактарына суу тыгылып, көбүктөнгөн толкундар сөңгөк аркылуу секирип, анын жанында ар кандай калкып чыккан таштандылар калкып турат. Бул таракты биз катамаранды жээктеги бадал аркылуу жип менен сүйрөп гана өтө алабыз.

— Сол жак бортко шилегиле! — деп буйрук берем.

Бадалдарга катуу чалындык. Бутактарды карманып катуу тартылып жатабыз, бирок катамаран мындан ары жылбай жатат. Мен калак менен суунун тереңдигин өлчөйм.

— Эмне жалдырайсыңар? — деп мен эргулдарга атырылам. — Шымыңарды чечкиле, түртүп салалы!

Борман өтүгүн чече баштады.

— Биз дагыбы? — деп сурады Маша мага бурулуп.

— Силер кайда бармак элеңер, блин?! — деп өкүрөт Градусов. — Тынч отургула!

Свитерчен, ич кийимчен жана өтүкчөн биз сууга түшүп, кайыктын алкагынан алдык. Суук денеге чап эле жабышат. Бул жердин тереңдиги тизеден бир аз жогору экен.

— Сен кайда баратасың? — деп Градусов Тютинди беттен алды. — Жардамчы имиш, блин, болгону керебет менен кошо беш кил!..

— Би-ир!.. —деп мен буйрук берем. — Эк-ки!.. И-эх!..

Жетөөлөп биз кулаган карагайдын жанынан катамаранды сүйрөп барабыз. Катамаран өлгөн пил сыяктуу оор. Жылаңач жапан тал бутту тытмалайт. Биз тамыр аркылуу жылып жатабыз. Чебыкин менен Борман бир маалда чогуу жыгылып, бирок дароо көтөрүлүп, андан ары сүйрөп жөнөштү.

— Ермактын жигиттери кемелерин ушунтип сүйрөп жүрүшкөн... — деп кышылдайм мен.

Акыры чокуга чыкса болот. Титиреген эргулдар шымын түз эле нымдуу ич кийимдин үстүнө кие башташты. Суука көгөргөн Градусов кыйкырып калды:

— Митрофанова! Мага флакон менен кургак рейтуз берчи!

— Кайдан алам? — деп Люська чочуп кетти.

— Азыр айтам!.. Менин рюкзагымда отурасың го!

Люська Градусовдун рюкзагын шашылыш түрдө чечип кирди. Ал арканды, зым илгичтерди, банкаларды, шамдарды, түшүнүксүз максаттагы кичинекей механизмдерди алып чыгып, мунун бардыгын үрөйү учуп Машага өткөрүп берди. Акыры чоң жашыл үй-бүлөлүк ыштан менен бир бөтөлкө арак рюкзактан чыкты. Мен бөтөлкөнүн оозун тишим менен ачып, оозунан ичип, тегерете узатам. Менин үшүгөнүмөн улам ичилген арак ысык суу куюлгандай эле сезилди.

— Алдыда тоңгон муз жатат, — дейт Борман араң үнүн чыгарып.

Биз мойнубузду созуп калдык. Дарыяга туурасынан балаты кулаптыр, ага муз тоңуп калыптыр. Анын четтери күн нуруна бөлөнүп жылтырайт — булуттар аңгыча тарап кеткен тура. Оң жактан да, сол жактан да сууга балаты жатып калыптыр. Өтөөргө түк жол жок. Тыгын экен.

— Эми эмне кылабыз? — деп дабдыраган Борман суроо узатат.

— Терең дем ал, — дейт Градусов. — Тасманын соңу.

Уктай турган жерди табыш үчүн биз суу каптаган жолго кайрылдык. Бул жерде мемиреген тынчтык жана бейпилдик. Поныштын күрү-күүсү тынчый түштү. Тизилген карагайлардан турган эки дубалдын ортосу менен жай сүзүп баратабыз. Биздин алдыбызда суу жууп кеткен чыйырлар көрүнөт. Таза сууда тобурчактар илинүү. Токой өзүн өзү күзгүдөгүдөй чагылдырып турат. Жердин катуулугун туюу сезими жоголду. Алыстан карагайдын учтары менен бутактарынын нары жагында кыпкызыл тартып таң сөгүлүп баратат.