Миң-миллион жылдар учуп чексиздиктен...
* * *
Миң-миллион жылдар учуп чексиздиктен
карегиме чагылышка түз келишкен
жылдыздардын нурларына эбак өчкөн
таң каламбы же коркомбу, чын жүрөктөн
акындарга суктангандай эбак өткөн?!
Нурлары бир жылдыздын көз уялткан
Эски экен жети аталык осуяттан...
Чексиздикте жок болсо да ал эбактан
Көркү бар урпактарды суктанткан,
Мөөнөтү бар түбөлүккө салам айткан.
Миң-миллион жылдар учуп чексиздиктен
карегиме чагылышка түз келишкен
жылдыздардын нурларына эбак өчкөн
таң каламбы же коркомбу, чын жүрөктөн
акындарга суктангандай эбак өткөн?!
Нурлары бир жылдыздын көз уялткан
Эски экен жети аталык осуяттан...
Чексиздикте жок болсо да ал эбактан
Көркү бар урпактарды суктанткан,
Мөөнөтү бар түбөлүккө салам айткан.




