Кенедейлер

Лиственница

Чиркин, не деген жапайы дарак! Качан көрсөк дагы жапжашыл боюнча турганы турган. Ошондой дейин десек, жо-ок, андай деле эмес. Күркүрөгөн күз келгенде ушул жапжашыл дарактар эми биротоло келбечүдөй ийне жалбарактарынан ажырайт. А-бу деп оозду жыйгыча жылаңачтанып калат. Болгондо дагы жапырт — майрамдагыдай, күнгө жаркырап жалбарактарын жерге жая салат.

Жүрөгү же өзөгү жумшак дейсизби? Жо-ок, анын жыгач тулкусу катуулугу жагынан дүйнөдө теңдеши жок, ар бир эле балтанын күчү жете бербейт, агызам десеңиз ордунан жылдыра албайсыз, ал тургай сууга таштап салсаңыз чиримек турсун катуулугу жагынан түбөлүк турчу таштарга чукулдап барат.

Ар жылы дене магдыраткан жылуулук кайрылып келчүдө, бизге дагы бир жыл тартууланчуда — кайрадан жапжашыл тартып жибектей жумшак ийнелерин бутактарына илип алып жаркылдап чыга келет.

Кудум ушундай адамдар дагы болот эмеспи.

Чагылган

Чагылган дарактарды тең экиге бөлгөнүн китептен гана окугам, чынын айтсам, өзүм көргөн эмесмин.

Эми, минтип, көрүп олтурам. Чаламандын чак түшүндө өтүп бараткан чагылган коштогон жаанда көзүбүздү уялтып, чагылгандын жарк эткени эшикти күндүзгүдөй жапжарык кылып көрсөттү. Дароо ага удаа — бир саамга да кечиктирбей, үйдөн эки жүз-үч жүз кадам жерге — андан алыс эмес, чагылган түшсө болобу.

Күн күркүрөп өтүп кетти. Ооба, боолгологондой эле чагылган жакын жерге, токой четине түшүптүр. Асман тиреген карагайлардын арасынан анча узун эмес липа дарагын тандап алыптыр. Кызык, эмнеге аны тандап алды экен? Чокусунан тартып, бир аз ылдыйта бутактарын тептең экиге бөлүп өтүптүр. Чымырканганы менен жерге чейин жетпей калыптыр, тайып кеткенби же күчү жетпей калганбы? Дарактын тамырына жакын жерди оюп күйгүзүп, чоң-чоң чамындыларды элүү саржанча тегерете чачыратып жибериптир.

Чоң бутактын бир бөлүгү орто ченинен чорт бөлүнүп капталга жыгылып, эч бир айыбы жок четте турган кошуна дарактын бутактарына салмагын салып калыптыр. Дагы бир бутагы бир күнчө кармалып, кандай күч менен карманганы белгисиз, чок ортосу оюлуп турду. Анан анысы дагы бир капталына кыйшайып, дагы бир соркойгон кошуна узун дарактын тарбайган бутагына таянды.

Кээде бизде дагы кудум ушундай болот: абийир соту сокчуда бүт жандүйнөңдү бүт өмүр-турмушуң аркылуу аралап өтөт. Мына ошондо кимдир бирөө аман калат, айрымдар буга туруштук бере албайт.

Углич коңгуроосу

Арабызда ушул коңгуроо туурасында укпаган адам жок чыгар. Жапайычылык жазага тартылып тилинен да, мунарага заңгырап илинбесин деп бир кулагынан дагы айрылганы ырас; анысы аз келгенсип, камчы менен сабалып, тээ жердин түбүндөгү — эки миң чакырым жердеги Тобольскиге араба менен айдалган, мына ошончо алыс жерге аны аттар сүйрөп барса кана, аны мамлекет адамдарын (жаш ханзааданы өлтүргөндөр) тытмалап өлтүргөнү үчүн жазага тартылган эки жүздөн ашуун кылмышкерден тышкары, шаарда болгон окуяларды өзүнчө жоромолдобосун деп тилдери кесилген бечаралар сүйрөп барышпадыбы.

Сибирь аркылуу кайтып келе жатып, Тобольск кремлинде коңгуроо менен кезиккем, кайра ордуна кайтып барууга ырайым кылынгыча өзүнүн үч жүз жылдык мөөнөтүн өтөп жаткан куугунтуктагы буюм менен жалгызсыраган чакан чиркөөдө жолубуз кесилишти. Мына мен дагы Угличке, кандуу Дмитрий храмына келдим. Жыйырма пуд болгону менен бою адамдын белинен келген коңгуроо ардакталып орнотулган экен. Колодон жасалган тулкусунун өңү өчүп бозоруп калыптыр. Коңгуроонун тили кыймылсыз салаңдап турат. Мага коңгуроону кагууну сунушташты.

Мен бир ирет кактым. Храмда не деген керемет добуш чыгат дейсиз, байыркыдан бизге — ыгы жок шашылган, жандүйнөбүз киргилденген пенделерге келип жеткен көп маанилүү добуштардын куюлушканын айтыңыз. Бир гана ирет какканым менен, ал жарым мүнөтчө жаңырып, акырындык менен жайбаракат-жабаракат шаңданып, бир мүнөткө чейин басылбай жаңырат дагы, биротоло тынып калгыча жагымдуу добушунан тайбайт. Бабаларыбыз металлдын сырларын мыкты билген тура.

Ханзаада мууздалганы тууралуу суук кабарды угаары менен собор чиркөөсүнүн коңгуроо кагуучусу мунарага карай жөнөп, эч ким кире албасын деген амал менен каалганы ичинен бекитип алып, душмандар канчалык каалганы каккылаганына карабастан мына ушул коңгуроону каккылай бериптир. Углич элинин ыйы жана үрөйү учкандыгы тегерек четке жаңырып, коңгуроо жалпы Русь үчүн коркунуч туулганын билдирип турду.

Ошол коңгуроо жаңырыгы — улуу Балээнин чакырыгы — Алгачкы Дүрбөлөң болор белгисин берди. Мына азыр ошол жапа чеккен коңгуроону Үчүнчү Дүрбөлөң чирий баштаган маалда кагуу тагдыры мага ыроолонду көрүнөт. Эми салыштыруудан кантип кыйгап өтмөк элем: элдин көрөгөч чочулоосу — мындан төрт жүз жыл мурда дагы, азыр дагы тактыда олтургандарга жана териси калың көпөстөргө, аттиң, дале тоскоол.

Коңгуроо мунарасы

Биздин сууга чөгөрүлгөн Россиябызды бир көз чаптырым менен, бир карап эле бүтүндөй, алаканга салгандай көргүсү келгендер Калязиндеги коңгуроо кагылчу жайды көрүп алганы оң.

Коңгуроо мунарасы собордун жанында, шаардын соода борборунун чок ортосунда, Меймандар сарайына чукул жерде жайгашкан, анын аянтчасына соодагерлердин эки кабаттуу үйлөрү турган көчөлөр келип такалчу. Ошол кезде машаяк дагы байыркы мына ушул шаардын, татарлардын, поляктардын катаал талоондорун баштан кечирген шаардын, тарыхынын сегизинчи кылымында өзүн өзү билген чала сабат аткаминерлердин буйругу менен үчтөн экиси Волгага чөгөрүлгөн: анын баарын экинчи плотина сактап калмак, бирок большевиктер сараңдык кылып коюшпадыбы. (Ал тургай Молуга толугу менен суу алдында калбадыбы). Мына бүгүн деле, суу жээгиндеги кырбыга турсаңыз дагы — он эки саржан тереңдикке чөгүп кеткен ошол Китеж менен Атлантиданы көрөм деп кыялданбай эле койсоңуз болот.

Ошентсе дагы чөктүрүлгөн шаардын шоңшойгон бийик коңгуроо мунарасы сакталып калыптыр. Соборду келечегибиз үчүн деп жардырып же кымырып-жымырып кетишкен, ал эми коңгуроо мунарасын негедир уратканга үлгүрбөй калышса керек, ал турсун кол тийгизишпептир, касиети бар дешкени го, сыягы. Мына дал ошол коңгуроо мунарасы суудан суурулуп коркоюп чыгып турат,тулкусу ак кыштан кынаптап коюлган, төбө жагы алты катардан тарта ичкерип, (бир жарым катары суу алдында калган), акыркы жылдары аны сактап калуунун амалын издеп, түбүнө шагыл төшөп коюшкан, мына ошол эле калыбында — беш өтмөгү менен кыйшайбай, кетирилбей турат, андан ары томпойгон чатыры жана шуштуйган учу асманды сайып тургансыйт. Шпилдин учунда кандайдыр бир касиеттин жардамы менен крест сакталып калыптыр, тобо-о! Алыстан көргөнгө бийиктиги жетишпеген Волгадагы теплоходдордун толкундары ак дубалдарына шарпылдап келип урунуп, алардын палубаларынан советтик жүргүнчүлөр элүү жылдан бери көзүн албай коңгуроо мунарасын карап өтүшөт.

Бир кезде шашылыш чөктүрүлгөнүнө байланыштуу көчүрүлгөндөрдүн кыйшайган тамдары сакталып калган кейиштүү көчөлөрдү кыдырып, жаралангандардын арасында жүргөнсүйсүң. Жасалма суу жээгинде калязмалык катындар Волганын жумшак жана таза суусуна жедеп көнгөн адат боюнча кир чайкаганы чубалжышат. Жарым-жартылай тоңуп, жараланган, толук талкаланбай калган шаарда кезинде мыкты деп саналган имараттар саналуу гана. Мына ушундай унутта калган, алданган адамдардын бул жерде жашагандан бөлөк аргасы жок. Дал ушул жерде жашагандан бөлөк.

Мына ошол адамдар үчүн, өмүрүндө бир ирет ушул ажайыпты көргөндөр үчүн — коңгуроо мунарасы турат го! Биздин үмүтүбүз сыяктуу. Биздин келмебиз сыяктуу: жок, Русту Жараткан толугу менен чөгүп кетүүгө жол бербейт...

Карылык

Каардуу өлүм тууралуу канча жазылды дейсиз, ошентсе да, эгерде күч колдонулбаса, өлүм канчалык табигый нерсе.

Лагерде мына өлөт деген бир грек акынды көргөм, жашы отуздан жаңы оогон кези болчу. Жумшак жылмайганында өлүм алдындагы коркунучтун жыты дагы жок эле. Мен чынын айтсам таң калгам. Ал болсо минтип атпайбы: «Өлүм чеңгээлин салгыча биз ичибизден даярдык көрө баштайбыз: өлүмгө бышып жетилебиз. Мына ошондон кийин эч нерседен коркпой каласың».

Арадан жыл айланып-айланбай мен отуз төрт жашымда муну өз башыман өткөрдүм. Айга ай, аптага апта уланып, өлүмгө баш коюп, көнүп — даярдыгым боюнча мен денемен озуп кеттим.

Ошол сыяктуу эле улгайган жашыбыз акырындык менен бизди өлүмгө көндүр­гөнү канчалык жеңилдик, канчалык ачыктык. Карылык — Жараткандын жазасы эмес, анын өзгөчө бир жылуулугу жана өзүнчө бир керемети бар.

Каруу-күчкө толуп, мүнөзү калыптанып келаткан улан-кыздардын тарткан түйшүгүн көрүп ичиң жылыйт. Каруу-күчтөн тайып баратканың дагы ичиңди жылытышы ыктымал: мен мындай кезде кандай элем деп салыштырасың. Бир күн кечке иштегенге чыдабай каласың, кыска тыныгуунун ыракатын айтпаңыз, экинчи же үчүнчү күндүн таңындагы сергектиктин өзү белек десек болчудай. Рухтун ырахаты дагы бар эмеспи — тамак-ашты тартып, таттуу аштын артынан түшпөй каласың: тирүү кезиңде эле көр тирликтен өйдө көтөрүлө бересиң. Кышкы кардан али толук бошоно элек алешем жаздагы жылкычы чымчыктын жагымдуу сайраганы — жакында эми сен муну укпай каласың, угуп ал! — эки эсе жагымдуу. Ал эми эскерүүлөр өзүнчө бир түгөнгүс кенч: жаштардын андай мүмкүнчүлүгү жок, ал эми сенде баары жаныңда, алардын тирүү үзүндүлөрү күн сайын сага келип кетет — түндөн күнгө, күндөн түнгө жайбаракат жылып өткөндө.

Акылы тунук карылык — төмөн карай эмес, жогору карай кеткен жол.

Жаратканга жалбарганым — кары кезде жакырдыктан жана жалгыздыктан оолак кыла көр.

Канчаларын биз ошондой абалда таштап кеттик го.

Алчыланткан уу

Данды мерчемдүү мөөнөтүнө чейин сактап, учурунда сээп, жакшы өсүмдүктү тушүмгө чейин жеткиргиче дыйкан канча маңдай терин төгөт дейсиз. Бирок отоо чөптөр жапайы шоктук менен, суроо-сопкутсуз гана эмес, ал тургай шылдыңдагансып тез өсүп чыгат. Алчыланткан уу жерге сиңиши кыйын деген кеп ошондон улам чыккандыр.

Жакшылыктын үрөнү неге кеч өнүп чыгат?

Адамзат тарыхындагы байыркы замандагыларга, заманбап учурдагыга көз чаптырып, дүйнө мыйзамы ушундай тура деп аргасыздан башыңды жерге салаңдатасың. Биз ал саздан эч качан, эч кандай жакшы ойлор менен, эч кандай долбоорлор менен суурулуп чыгып кете албайбыз.

Адамзаттын акыркы күнүнө чейин чыга албайбыз.

Ар бир тирүү жандын ырыскысына өз эмгеги жана өзүнүн руханий дүйнөсү гана ыроолонгон.

Таңда

Түн ичинде биздин жандүйнөбүздө нелер гана болбойт? Уктап жатчуда ал денеден өзүнчө бөлүнүп, кандайдыр бир таза мейкиндиктерди аралап өтүүгө, кече күнү, атүгүл бүтүндөй жылдар бою ага жабышып, жыйрылткан бардык майда-барат нерселерден бошонуп, эркиндикке чыккандай туюлат. Кайра кайтып келгенде аппак кардай таптаза боюнча келет. Сага кучак жеткис бейпилдикти, таңкы беймарал абалды тартуулайт.

Мына ошол саамда ойлоруң туптунук болот. Азыр белгисиз бир нерселердин сырларын ачып, мурда эч качан оюңа келбеген нерселерди түшүнүп калчудай сезесиң.

Саамга дымый түшөсүң. Ичиңде буга чейин белгисиз болгон бир касиеттер дүрт этип жанданып чыкчудай туюлат. Демиңди ичиңе катып, сен ошол назик бүчүрдү, түбөлүк суунун кол тийбеген бетинен чыга турган ак лилия гүлүн чакырасың.

Мына ушунун өзү бактылуу көз ирмемдер! Сен өзүңдөн жогору көтөрүлгөнсүйсүң. Сен теңдешсиз нерсени ача алчудай, чече алчудай, ойлой алчудай сезесиң — эми өз ичиңдеги көл бетиндей мелмилдеп турган тынчтыкты бузуп албасаң болду...

Бирок көп узабай кайсы бир нерсе сөзсүз селт эттирет, ошол бейпилдикти бузуп кирет: кээде кимдир-бирөөнүн аракети, сөзү, кээде өзүңдүн майда-барат ойлоруң. Ошол замат сыйкырлуу керемет жоголуп кетет. Дароо ошол айтып бергис жайбаракаттык жоголуп,баягы мелмилдеген көлдүн кайда кеткени белгисиз.

Эми ал бейпилдикти канча күч-аракет жумшабасаң дагы кайра артка кайрый албайсың.

Ар бир таңда эле ал сезимдерди баштан кечире бербейсиң.

Көшөгө

Жүрөк оорусу кудум өз турмушубуздун ыңгайындай: анын жүрүшү —толугу менен караңгылыкта, күнүбүздүн акырына көзүбүз жетпейт, балким мына бул босогодо турган чыгар, а балким али алыстыр?..

Ичиңде бир шишик моюн бербей өсүп баратса, анда, эгерде өзүңдү алдабайм десең, кечиктирилгис мөөнөттү эсептесе болот эмеспи. Бирок жүрөк ооруганда сен кээде кулундан соодой сезилесиң, сениң башың өкүмгө байланганы жок, ал тургай эч нерсе болбогондой жүрөсүң.

Билбегениң үчүн бактылуусуң. Мунун өзү — ырайымдуу белек.

Ал эми курч стадиясында жүрөк оорусу өлүмгө өкүм кылынгандардын бөлмө­сүндө отурган сыяктуу. Ар күнү кечинде дабыш чыккан жокпу деп кулак түрөсүң — мени алып кеткени келатышкан жокпу? Бирок ар бир таңдын атканы өзүнчө бир чоң бакыт! Жүрөгүң жеңилденип, Теңир мага дагы бир күн толугу менен ыроолоду. Бир күндө канчалык көп жашай аласың, канча иштерди бүтүрө аласың!

Күүгүм

Эсимде, бизде, Түштүктө күүгүмдөнмөй кеңири тараган. Революцияга чейинки мезгилден келип, ал граждандык согуштун тартыш жана опурталдуу жылдарында бекемделген болушу мүмкүн. Бирок бул салт мурда да болгону ырас. Түштүктүн бир нече айга созулган күүгүмдүү күндөрү ушуга мажбурлады дейсизби? Көптөрү айла жоктон чыракты жандырганга эч качан ашыкчу эмес. Караңгы киргенге чейин эле көптөрү чарба жумуштарын ырастап, айрымдары малын жайлап, бирок, жатууга ашыгышпайт. Алар үйдүн жанына, көчөгө же короодогу отургучтарга чыгышчу, ал тургай жөн эле бөлмөдө отурушчу, бирок терезелерин ачып коюшар эле, бөлмөдө жарык жанбаса, майда чымын-чиркейлер учуп кирбейт эмеспи. Алар үн катпай отурушчу — бири, экинчиси, үчүнчүсү — бардыгы ойдун кучагына оролгондой олтурушчу. Анан узакка унчугушчу эмес.

Бири-жарымы сүйлөсө дагы үнүн катуу чыгарбай, ашыкпастан, сөз талашпай сүйлөшчү. Эмнегедир ошол маектешүүлөрдө талашып-тартышууга, катуу зекигенге же урушуп-талашууга умтулгандар болчу эмес. Жүздөрү дээрлик көрүнбөйт, анан бир аздан кийин толугу менен караңгылыктын кучагына оролуп, биз нечен жылдар бою чогуу жүрүп, өзгөргөнүн байкабай калган үндөрдөн улам кандайдыр бир бейтааныштар сыяктангансыйт.

Күн уясына кылкылдап баткандан кийин үрүл-бүрүл болуп бараткан асмандан жайбаракат жерге түшүп, бардыгыбызды буга чейин баштан кечирбеген кандайдыр бир биригүү сезими кучагына алып, абада эрип, күндөлүк көртирлик менен байкалбаган турмуштун терең олуттуулугу, анын ачылбаган мааниси терезелер аркылуу агып киргендей сезилчү. Колдон чыгып бараткан табышмакка ошентип аралашчубуз.

Короздун кыйкырыгы

Кыштактарыбызда элдин азайышы, ээн калышы, айылдарыбыздын жоголушу менен короздун чаламандын чак түшүндө кыйкырган керемет үнүн унутуп баратабыз, айрымдар аны өмүрүндө уккан эмес. Короодон короого, көчөдөн көчөгө, айылдан алыс жерге чейин жаңырган күнөстүү жай айларындагы жеңиштүү жашоонун хору сыяктанган өзүнчө бир керемет эле.

Мындай бейпилдик жандүйнөгө сейрек гана келет. Эч кандай курулай үндөр менен ызы-чууга аралашпаган — бул таптаза, созолонгон, ширелүү, күчтүү жаңырган үн бизге бүт аймакта беймарал тынчтык, мемиреген бейпилдик өкүм сүрүп жатканын, бүгүнкү күн дал ушул калыбында өтүп жатканын, мына ушул калыбында мында ары дагы уланса не болот эле дегенди туюндурган сыяктанчу. Жакшы түйшүгүңүздү бейкапар уланта бериңиз.

Ак саргыл короз көкүрөгүн керип, кыпкызыл таажысын кылкылдатып мына ушул жакын арада ары-бери койкоңдоп жүрөт.

Бейкапар жүрөт.

Биз дагы ошентсек кана.

Түнкү ойлор

Лагердегидей кайдан болсун: узунду күнү кечке жумуштан өлөрчө чарчап, мына эми гана башыңды саман жаздыкка коёруң менен «Тургула!»деген буйрукту угасың. Ошондо түнкү ойлоруңдун баары быт-чыт чыгат.

Ал эми азыркы заманбап бороон-чапкындуу, ыр-чырлуу, майдаланган турмушта ойлор бышып жетилгенге үлгүрбөй, улам кийинкиге ташталат. Түнкүсүн алар кайрадан баягы бышпай калган жерлерине кайра кайтып келет. Аң-сезимиңдеги чел жарылса ойлор сени кайрадан кучагына ороп, жаныңа тынчтык бербейт. Алардын алдыга жулунган тың чыкмаларынын бири сени биротоло туткактап мазеңди алат эмеспи.

Ал эми сенин вазийпаң, сенин адамдык аброюң мына ошол бороон-чапкынга алдырбастан, жаман ойлорду ооздуктап, жакшылыкты карай багыттоо. Дайыма бир ой, ал тургай бир нече ой болот, тынчтыгыңды бузган, жарылуудан токтоткон өзөктү ядролук реакторго ныгырып басып турган сыяктуу. Болгону мына ушундай өзөктү, Кудайдын куткаруучу нурун сактап, аны таап, ал тургай, аны алдын ала билип, ошону бекем карманган дурус.

Мына ошондо жандүйнөң жана акылың тазаланып, ошол бороон-чапкындар тып токтоп, олуттуу, айбаттуу ойлор келе баштайт, кыйсыпыр түшкөн күндүзү аларга кайдан жол тийсин?

Айтмакчы, уйкусуз түндөргө ыракмат, чечилбегидей нерсени чечкени үчүн.

Өз колуңа бийликти бергени үчүн.

Өлгөндөрдү эскерүү

Муну бизге терең акылмандуулук менен ыйык жашоону жашап өткөн адамдар мурас катары калтырган.

Мындай терең ойду жакындарыбыз, тууган-туушкандарыбыз, досторубуз тегеректеп жүргөн жаш кезибизде түшүнмөк кайда? Бирок жылдар өткөн сайын...

Ата-энелерибиз узап кетти, теңтуштарыбыз менен кош айтышып жатабыз. Деги кайда кетип жатышат? Аны түшүнүш кыйын, биздин дараметибиз ага жетпечүдөй туюлат. Бирок кандайдыр бир таасын, алдын ала айкындуулук менен: жок, алар жоголгон жок дегендей белги бергенсийт.

Көзүбүз тирүүсүндө биз башка эч нерсе биле албайбыз. Бирок алардын арбагы алдында таазим этип дуба түшүргөнүбүз — бизден аларга, алардан бизге — кулачы кең, жуурулушкан жакындыгыбызды туюнткан көзгө көрүнбөгөн көпүрө салып койгондой иш. Ооба, алар бизге жапжакындай, ал тургай аларга колубуз жетчүдөй сезилет. Бир жагынан белгисиздей, ошол эле учурда жытыбыз сиңишкендей, баягыдай абдан тааныш. Бирок, жашы боюнча бизден артта калгандар: бизден улуулар дагы, жашыраактары дагы.

Ой топтоштуруп, ал тургай алардын ой-пикирин, буйдалганын, эскертүүсүн боюңа сиңиресиң. Аларга жооп иретинде бул жашоодогу жылуулукту жөнөтөсүң: а балким, биз деле бир нерсе менен аларга жардам бере аларбыз?

Жолугушабыз деген убадабыз ичте катылуу.