Татьяна Толстая
Толстая Татьяна Никитична (1951-ж. т.) — жазуучу, эссечи, публицист, адабий сынчы. «Триумф» (2001) жана «Жылдын жазуучусу» (2019) сыйлыктарынын лауреаты.
Ленинградда, физиктин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ленинград университетинин классикалык филология бөлүмүн аяктаган. Басмада иштеген. АКШда окутуучу болуп эмгектенген. Көп жылдар бою телекөрсөтүүдө автордук программаны алып барган, ЖМКда очеркист жана колумнист болгон.
Анын «Алтын босогодо отурганбыз...» аттуу алгачкы аңгемеси 1983-жылы «Аврора» журналына басылып чыккан. 1987-жылы Москвада аңгемелер жайнагы жарык көрүп, аны азыркы прозанын жаркын өкүлү катары тааныткан. «Оккервиль дайрасы», «Күн», «Түн», «Шайкелең дүйнөлөр», «Көрүнбөс селки», «Жүзүм», «Кийиз кылым», «Эже-сиңдилер» жыйнактары жана башка көптөгөн эмгектери Толстаяга азыркынын мыкты аңгемечиси атак-даңкын алып келген. Татьяна Толстаянын 2000-жылы чыккан алгачкы «Кысь» роман-антиутопиясы бестселлер болуп калды.
Татьяна Толстаянын терең артисттик прозасы менен эсселери өзгөчө образдуулугу, ийкемдүү тили, рефлексивдүүлүгү, татаал психологиялык сүрөттөлүшү менен айырмаланат. Ага ой жүгүртүүнүн эркиндиги, эмоционалдуулук, интеллектуалдык айкындык мүнөздүү. Тостая ар кыл стилде жана салттарда постмодернисттик ойноо менен бирге классикалык орус прозасынын жактоочусу бойдон кала берет.