Дина Рубина

Рубина Дина Ильинична (1953-ж. т.) — жазуучу, драматург, эссечи. «Чоң китеп» (2007) сыйлыгынын лауреаты.
Ташкент шаарында, художник менен мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ташкент консерваториясын бүтүрүп, Маданият институтунда сабак берген, радиодо иштеген.
Рубинанын алгачкы аңгемеси 16 жашында «Юность» журналына жарыяланган. «Кар качан жаайт?» аттуу повести (1977) аны окурман журтуна белгилүү кылган. 1990-жылдары Рубина назик жана темпераменттүү «аялзат беллетристикасынан» чоң масштабдуу жанрларга: философиялык-психологиялык романга, үй-бүлөлүк сагага өткөн. «Көчөнүн күнөс жагында», «Синдикат», «Кордованын ак кептери», «Мээлүүн шамал» романдары жана башка чыгармалары Рубинаны Россиядагы абдан белгилүү жазуучу катары көрсөттү.
Рубинанын прозасы — метафориялык жактан өтө март, кылдат тизмектелген сюжети менен темпераменттүү. Сынчылар Рубинаны «элестетүүлөрүнүн жандуулугу», «айлакер тапкыч акылы» жана «турмуштун майда-чүйдөсү менен жатакананын ала-була таштандыларына тойбос-ач көз көңүл бургандыгы үчүн жогору баалашат» (Алла Марченко).