Роман Сенчин

Сенчин Роман Валерьевич (1971-ж. т.) — жазуучу, адабий сынчы. РФ Өкмөтүнүн (2012), «Чоң китеп» (2015) сыйлыктарынын ээси.
Кызыл шаарында (Тува АССРи) туулган. Ленинграддагы курулуш окуу жайында билим алган. Минусинск шаарындагы театрда оңдоочу, эшик тоскуч, кароолчу, короо шыпыргыч, жүк жүктөгүч болуп иштеген. Аңгемелери кызыл, абакан жана минусин газеталарында жарыяланган. А. М. Горький ат. адабият институтунда окуган.
Москвадагы алгачкы жарыяланган чыгармалары — «Саны жок күн» аңгемелер цикли («Знамя», 1997). Сенчин «Нубук», «Кара тепкичте», «Таман алдындагы муз», «Маалымат», «Париждеги нөшөр», «Чөктүрүү чөлкөмү», «Елтышевдер» сыяктуу романдардын, көптөгөн аңгемелер менен повесттердин, публицистикалык очерктер менен сын макалалардын автору.
Сынчылар Сенчинди «түнт реалисттердин» катарына кошот. Ага «бийик орус адабий салттарынын ички сезимине жармаштырылган фаталдуу пафос» таандык (ЛевПирогов). Сенчиндин «адабий акыйкатка», «далилдүүлүккө» карата талаптары, ойдон чыгарылгандарды документтештирүүсү көбүнесе анын прозаларын азыркы Россия тууралуу түздөн-түз күбөлөндүрүү катары кабыл алууга мажбурлайт.

Автордун чыгармалары

1 Чыгарма