Юрий Мамлеев
Мамлеев Юрий Витальевич (1931—2015) — жазуучу, философ, драматург. РФ Өкмөтүнүн, Андрей Белый сыйлыгынын ж. б. сыйлыктардын лауреаты.
Москва шаарында туулган. Анын атасы, белгилүү психиатр, репрессияланган. Москва токой чарба техникалык институтун аяктаган (1956). Кечки мектепте математикадан сабак берген. Мамлеевдин чыгармалары көмүскө басмалар аркылуу тараган. 1974-жылы эмиграцияга кетет. АКШда, кийин Францияда жашаган. Анын китептери Батышта кеңири таанылууга ээ болгон. 1990-жылдардын башында Россияга кайтып келип, ММУда сабак берген, коомдук иштер менен алектенген, китептерин чыгарган. Ал өзүнүн көркөм ыкмасын «метафизикалык реализм» деп атаган.
Анын фантасмагориялык, инферналдык прозасында аң-сезимдин эң караңгы, кырсыктуу жактары сыпатталган. «Шатундар», «Москва гамбити», «Дүйнө менен каткырык», «Рух империясы» аттуу китептердин, аңгемелер жыйнактарынын, философиялык эмгектердин автору. «Түбөлүктүү Россия» деген китебинде, өзүнүн сөзү менен айтканда, ал «экинчи реалдуулукту жазууга» мүмкүндүк бере турган орус рухунун түпкүрүн изилдейт.