Алексей Иванов

Иванов Алексей Викторович (1969-ж. т.) — жазуучу. «Чоң китеп» сыйлыгынын (2006), «Ясная Поляна» сыйлыгынын (2006), РФ Өкмөтүнүн (2017) жана башка сыйлыктардын лауреаты.
Горький (азыркы Нижний Новгород) шаарында, кеме куруучулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн, мектепти Пермде аяктаган. Урал мамлекеттик университетинин журналистика жана искусство тарыхы факультеттерин аяктаган. Мугалим, кароолчу, гид болуп иштеген.
Анын биринчи эле «Парманын жүрөгү» (2003) тарыхый романы сынчыларды анын жаркын талант, өз тили жана темасы бар бөтөнчө автор экендиги тууралуу сөз кылууга мажбурлаган. «Общага-на-Крови», «Географ глобусту ичип салыптыр», «Козголоң алтыны», «Жаан-чачын» жана башка романдары окурмандардын купулуна толгон. Андан тышкары Урал тууралуу маданият таануу жанрында «Россия тоо массиви», «Кен завод цивилизациясы», «Ёбург», «Вилы» жана башка бир катар китептерди жазган.
Иванов классикалык орус прозасынын салттарын массмаданият ыкмалары менен айкалыштырган. Анын чыгармаларында реализм мистицизм менен, ал эми окуялардын динамикалуулугу жана ыкчамдыгы ажайып пейзаждык жана портреттик сыпаттоолор менен жуурулушкан.