Андрей Рубанов
Рубанов Андрей Викторович (1969-ж. т.) — жазуучу, кинодраматург, журналист. «Ясная Поляна» (2017) жана «Улуттук бестселлер» (2019) сыйлыктарынын лауреаты.
Москва облусундагы Узуново айылында туулган. М. В. Ломоносов ат. ММУнун журналистика факультетинде окуган. Айдоочу, курулушта жумушчу, ишкер болуп иштеген. РФнын Чечнядагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында басма сөз катчысы болгон. 2005-жылы биринчи китеби — «Тиккиле, анан өсөт» аттуу автобиографиялык романы жарык көргөн. Андан кийин «Улуу кыял», «Жашоо жалганды», «Хлорофилия», «Жандуу жер» жана «Йод», «Психодел», «Патриот», «Финист — алгыр бүркүт» жана «Бороон-чапкынды эскертүү» (Василий Авченко менен бирдикте), «Кызыл жыгачтан жасалган адам», «Катаал жана сурдана» ж. б. чыгармалары катары менен жаралган.
«Жаңы реализм» жана фантастика жанрынын үстүндө иштейт. Рубановдун каармандары эр жүрөк, ташбоор, укмуштуудай шумдуктар менен жашашат. Ошого карабастан анын прозасы өзүн өзү шакабалама жана рефлексивдүү, көбүнесе бул зор бурулуштардагы адам аң-сезимин чагылдырган «эр жетүү романы» («бойго жетүү романы»).