Виктор Лихоносов
Лихоносов Виктор Иванович (1936—2021) — жазуучу, публицист. РФ Мамлекеттик сыйлыгынын (1988), Россиянын Улуу адабий сыйлыгынын (2010), Бунин сыйлыгынын (2013) жана башкалардын лауреаты.
Кемеров областында туулган, Новосибирскиде өсүп-чоңойгон. Атасы фронтто кайтыш болот. Краснодарск педагогикалык аяктаган соң, айылдык мугалим болуп иштеген. Лихоносовдун «Брянсклыктар» аттуу туңгуч аңгемелер жыйнагы 1963-жылы «Новый мир» журналына басылып чыккан.
Ал «Сени жаркын сүйөм», «Тамандагы күз» жана «Элегия» сыяктуу лирикалык-философиялык чыгармалардын автору катары кеңири таанымал. Орус казактарынын тагдыры тууралуу «Жазылбай калган эскерүүлөр. Биздин кичинекей Париж» (1986) аттуу кеңири, көп пландуу романы ага европалык атак алып келген. «Өкүнүч» жана «Уйку алдындагы жазмалар» эссе жыйнактары, «Сагыныч-муң» публицистикалар китеби кайра куруудан кийинки орчундуу окуялардан болуп калды.
Лихоносовдун прозалары — Россия менен дүйнөнүн поэтикалык жана тарыхый көрүнүшүнүн куюлушу болуп саналат. Сынчылар аны орус адабиятынын «акыркы обончусу» деп эсептешет; А. Т. Твардовский «Анын прозалары Буниндикиндей жарык чачат» деген.