Денис Новиков

1967-жылы Москва шаарында туулган. А. М. Горький атындагы адабий институтта окуган. «Огонёк» журналынын поэзия бөлүмүндө иштеген. Ырлары басма сөзгө 1985-жылдан баштап жарыялана баштаган.
Биринчи ырлар жыйнагы 1989-жылы жарык көргөн. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдары үч ыр жыйнагы жарык көргөн: «Январдагы терезе» (1995, Иосиф Бродскийдин соңку сөзү менен чыккан), «Караоке» (1997-жыл), «Самопал» (1999-жыл). Башында Англияда, андан соң Израилде жашаган. Кандайдыр сыйлыкка татыктуу болгуча эле адабий чөйрө менен байланышын үзгөн, андыктан бир гана «Арион» журналы уюштурган адабий конкурстун лауреаты. 2014-жылы дүйнө салган.
Көзү өткөн соң эки ыр жыйнагы — «Виза» (2007), «Дарыя — Булут» (2017) жарык көрөт. Сынчы жана адабиятчы Артем Скворцов биринчи жыйнакка карата жазган макаласында мындай деп белгилеген: «Денис Новиков абдан жаш кезинде эле улуу муундагы калемдештери менен теңтайлашкан акын катары таанылган, ал учурда теңтуштарынын калеми жаңы гана жетилип келаткан. Тилекке каршы, жашоодон эрте өтүп кетти. Ал өз учурунун эң таланттуу авторлорунун бири болчу».