Александр Проханов
Проханов Александр Андреевич (1938-ж. т.) — жазуучу, журналист, публицист, сценарист, коомдук ишмер. «Улуттук бестселлер» (2002), Бунин (2009), «Алтын Дельвиг» (2013) ж. б. көптөгөн сыйлыктардын ээси.
Тбилиси шаарында туулган. Москва авиациялык институтун аяктаган (1960), ИИИде инженер, Карелияда токойчу болуп иштеген, Тувада геологиялык чалгындоолорго катышкан. «Литературная газетанын» журналисти катары бүт СССРди кыдырган, Арктикада жана ракета полигондорунда, дүйнөнүн бир топ тынч эмес жерлеринде болгон. «Завтра» газетасынын башкы редактору, Россия жазуучулар бирлигинин катчысы. 1980-жылдардын башынан тарта аскердик-саясий роман жанрынын үстүндө иштейт. Афганистан согушуна арналган «Күйүп жаткан токойлор» тетралогиясын жазган. 1990-жылдардын аягында Александр Прохановдун «Кабул тууралуу түш», «Ошентип шамал да келет», «Аралдардагы аңчы» романдарын бириктирген «Жетикитеп» ж. б. эмгектери жаралган. Анын «Гексоген мырза», «Иосиф Бродский теплоходу», «Чечен блюзу», «Чыгыш таануучу» романдары жана башкалар — үзгүлтүксүз коомдук резонанстарды жаратып турган.
Прохановдун башкы темалары — инсан жана согуш, орус жана дүйнө цивилизацияларынын тагдыры, совет мамлекетинин талкаланышы, геосаясий кыйроолор. Анын метафорияга каныккан, аллегориялуу, «түстүү» прозасы көбүнесе орус космизми менен евразиаттык идеялар менен азыктанат.