Владимир Маканин

Маканин Владимир Семенович (1937—2017) — жазуучу. РФ Мамлекеттик сыйлыгынын, «Орус Букери», «Чоң китеп», «Ясная Поляна» ж. б. көптөгөн сыйлыктардын лауреаты.
Орск шаарында (Оренбург обл.), инженер-куруучунун жана мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. М. В. Ломоносов ат. ММУнун мехматын аяктап, математикадан сабак берген. Жогорку сценаристтер курсун бүтүрүп, «Советтик жазуучу» басмасында редактор болуп иштеген, А. М. Горький ат. адабият институтунда проза боюнча семинар окуган.
Маканиндин «Түз тилке» аттуу алгачкы романы 1965-жылы жарык көрөт. Анын «Портрет жана айлана», «Эр жана эпчи», «Иш алды», «Асман-дөңдүн кесилиши», «Андеграунд, же Биздин замандын каарманы», «Чочуу», «Асан» ж. б. роман-повесттери аны азыркы учурдун белгилүү жазуучусу катары таанытты.
Маканиндин жалындуу, татаал, кинематографиялык маңыздагы прозасы өзүнүн психологизми, нерселер менен окуяларга интеллектуалдуу көз карашы жана коомдук маанай менен кырдаалды кылдат чагылдыргандыгы менен айырмаланат. Маканинди «социалдык адам таануунун» жана «социалдык диагностиканын» устаты деп баалашат. Ал негизинен ортоңку катмар, «орток адам» деп аталуучу шаар четинде же «барак үйдө» жашагандарды изилдейт, жекечелик, эркиндик, чыгармачылык, тандоо көйгөйлөрү тууралуу көп сөз кылат.

Автордун чыгармалары

1 Чыгарма