Александр Солженицын

Солженицын Александр Исаевич (1918—2008) — жазуучу, публицист, драматург, акын, коомдук ишмер. Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты (1970).
Кисловодскиде туулган, Ростов-на-Донуда чоңоюп-өскөн. Ростов университетинин физика-математика факультетин аяктагандан кийин Москвадагы философия жана тарых институтуна тапшырган. 1943-жылдан тартып фронтто болгон, ордендер менен сыйланган. 1945-жылдын февралында антисоветтик маанайы үчүн камалып, түрмөгө кесилген жана сүргүнгө айдалган. Бошоп чыккандан кийин Владимирск облусунда айылдык мугалим болуп иштеген. 1957-жылы реабилитацияланган.
Анын алгачкы эмгектери — «Иван Денисовичтин бир күнү» аттуу аңгемеси жана «Новый мир» журналына жарыяланган «Матрёнанын короосу» болуп көрбөгөндөй сенсация жараткан. Адабиятта алгач ирет ГУЛАГ темасы көтөрүлгөн. Көп өтпөй Солженицындин эмгектери басылбай, ал эми советтик системаны сындагандыгы жана көмүскө басмаларда басылып чыккандыгы үчүн СССРден чет өлкөгө чыгарылган. Мекенине 1994-жылы гана кайтып келген.
Солженицындин «ГУЛАГ архипелагы», «Биринчи айлампада», «Рактуу корпус» романдары жана орус революциясы жана анын рухий тамырлары тууралуу «Кызыл дөңгөлөк» эпопеясы, ошондой эле мемуардык-күндөлүктүк прозасы жана филологиялык очерктери маанилүү адабий-коомдук окуя жана масштабдуу «көркөм изилдөөлөрдүн тажрыйбасы» болуп калган. Солженицын өзүнүн китептеринде Россиянын ХХ кылымдагы тарыхынын өздүк концепциясын чагылдырган. Анын изилдөөлөрүнүн башкы нерселери — тарыхтын бурулуш моменттериндеги жана тоталитаризмдин табиятындагы орустун улуттук мүнөзү.