Юрий Кублановский
1947-жылы Рыбинскиде туулган. Москванын мамлекеттик университетинин тарых факультетинде өнөр таануу бөлүмүн бүтүргөн. Экскурсовод болуп Мурановдогу Ф. И. Тютчевдин музейинде, анан Соловецк, Кирилло-Белозерск, Ферапонтов музейлеринде иштеген. Бейформал поэтикалык «СМОГ» тобуна кирген, электенбеген «Метрополь» альманахына да катышат. 1982-жылы аргасыз чет элге кетип, Париждин «Русская мысль» гезитинде иштеп, 1990-жылы өз мекенине кайтып келген. Үч ыр жыйнагы Россия, АКШ жана Францияда жарык көргөн. Андан сырткары «Чоочундук» (1993), «Сан» (1994), «Календардан узак» (2001), «Жылдыздуу жылда» (2003), «Кайткан жолдо» (2006), «Тандалма» (2006), «Ат чакырык» (2010, 2012), «Волгага арналат» (2010), «Сыржыйнак» (2011), «Борошодо окуп кой» (2012), «Мээримсиз мезгилдер» (2015), «Узак кечмелик» (2017) сындуу 23 ыр жыйнактын автору. Ырлары көптөгөн Европа жана азиат тилдерине которулган. Москва Өкмөтүнүн сыйлыгына, А. Солженицындын Адабий сыйлыгына, Поэтикалык «Anthologia» сыйлыгына, Жаңы Пушкин сыйлыгына, РФ Өкмөтүнүн маданият жаатындагы сыйлыгына, Царскоселолук көркөмдүк сыйлыгына, Патриарш адабий сыйлыгына лауреат. Москвада жашайт.
Нобель сыйлыгынын ээси Александр Солженицын жазгандай: «Юрий Кублановскийдин поэзиясы — орус ыр дүйнөсүнүн салт-санаасын бекем сактаганы менен өзгөчөлөнүп турат. Жадатып жибербей, жан-дили кошулган жаңы салыштыруулары эч качан адаттан сырт ашкере кетпей, ар дайым өз максатына жетет. Нукура ырларынын серпилгичтиги — аны кайра-кайра окуп, жаттап алууга арбап турат.»