Борис Рыжий

1974-жылы Челябинск шаарында төрөлгөн. Урал тоо-кен академиясынын геофизика жана геоэкология бөлүмүн аяктаган. Россия Илимдер академиясынын Урал филиалынын геофизика институтунун аспирантурасын бүтүрүп, ушул эле окуу жайда кенже илимий кызматкер болуп иштеген. «Урал» (Екатеринбург) журналында рубриканы жетектеген. 1996-жылдан тарта Урал облусунун гезит-журналдарына, андан кийин Санкт-Петербург менен Москва шаарынын басылмаларына ырлары чыга баштаган. Роттердам поэзия фестивалына катышкан. Өзү барында жалгыз ыр китеби «Баары ушундай...» (2000) чыккан, экинчи китеби «Ызгаар бороондо» деген ат менен (2001) көз жумгандан кийин жарык көргөн. 2000—2010-жылдары бир нече жыйнактары жарык көргөн. Ырлары англис, серб, түрк, француз жана башка тилдерге которулган. Көз карандысыз «Антибукер» сыйлыгынын, «Северная Пальмира» адабий сыйлыгынын лауреаты (өлгөндөн кийин). 2001-жылы өз жанын кыйган.
Рыжийдин жаркын өмүрү жана кайгылуу өлүмү бүтүндөй адабий муунга зор таасир тийгизген. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу Орусияда, Голландияда бир нече автордук жана мемуардык китептер жарык көргөн, алдыңкы театрларда спектаклдери коюлган, өмүр баяны камтылган даректүү тасмалар бар, учурда көркөм тасма тартылууда. Анын ырларына бир топ обондор жаралган.