Алексей Парщиков
1954-жылы Приморский аймагынын Ольга кыштагында туулган. Бала чагы Донецскиде, Киевде өтөт. Киев айыл-чарба академиясында, андан соң А. М. Горький атындагы Адабият институтунда билим алган. 1980-жылдары расмий түрдө акындар деп аталбаган топко кирчү, кийин анын чыгармачылыгы «метареализм» деп атала баштаган. 1991-жылы Сан-Франциского (АКШ) кетип, Стенфорд университетинин славян бөлүмүндө магистр даражасын алган. 1995-жылдан баштап Кёльнде (Германия) жашаган. «Ички туюм элестери» (1989), «Cyrillic Light» (1995), «Иргелгендер» (1996), «Ангарлар» (2006) ж. б. ыр жыйнактарынын автору. Ырлары англис, дат, идиш, кытай, немис, нидерланд, серб, өзбек, фин, француз, япон ж. б. тилдерде жарык көргөн. Европа жана Түндүк Америка өлкөлөрүнүн көптөгөн поэтикалык фестивалдарына катышкан. Андрей Белый атындагы сыйлыктын, Москванын Биеннале сыйлыгынын лауреаты. 2009-жылы дүйнөдөн кайткан.
Философ, тилчи жана ыр изилдөөчү Михаил Эпштейн белгилегендей, А. Парщиков «орус поэзиясына уч-кыйырсыз жалгашууларды, жаркындыкты, образдык кубулуштардын космикалык чексиздигин алып келди. Ал метареалист гана эмес, презенталист да болгон, поэзияда: символикалык жайкамасыз, чар-жайыт эмес, болгон нерсени болгондой, көптөгөн булуң-бурчу, абалы, сызыктары менен көзгө көрүнгүдөй так сүрөттөгөн өзгөчөлүктү баалаган».