Вячеслав Куприянов
1939-жылы Новосибирск шаарында төрөлгөн. Ленинград шаарындагы Аскер-деңиз курал-жарак инженерлеринин жогорку окуу жайында окуган. Москвадагы чет тилдер институтунун котормо факультетин аяктаган. Поэзияны англис, немис, француз, испан, латыш жана армян тилдеринен которгон. Эркин ырдын теоретиги жана практиги. Орусияда жарык көргөн «Сөзгө конок бер» (2002), «Мезгил одасы» (2010), «Адамдык бүдүрсүз» (2013), «Карама-каршы сөз» (2019) сындуу ондогон китептердин автору. Чет тилдерге которулган кырктан ашык ыр жыйнагы жана бир нече кара сөз түрүндөгү китеби бар. Ырлары бардык европа тилдерине жана бир катары азия тилдерине которулган. Бранко Радичевич атындагы сыйлыкка (Сербия), Австриянын Илим-билим министрлигинин сыйлыгына, «Моравский свиток» (Сербия) сыйлыгына, «Naji Naaman literary prizes» (Жапония) сыйлыгына, Бунин сыйлыгына, В. Маяковский атындагы сыйлыкка арзыган жана башка көптөгөн эл аралык жана ата-мекендик сыйлыктардын лауреаты. Македониянын адабий таягынын ээси. Орусиянын Жазуучулар Союзуна жана Сербиянын Жазуучулар Союзуна мүчө. Москвада жашайт.
Адабиятчы жана сынчы Скворцов акынды мындайча мүнөздөйт: «Куприянов калыпка салынбаган башаламан тилге жарашкан парадокстуу ойлорду бере алат. Анын ырлары адатта ооздукталбаган сезимталдуулук менен жанаша жүрүп, аз-маз мыскыл аралаштырылса да, алар аптекалык тактык менен тең салмакталат. Акын эч качан үнүн көтөрбөйт».