Дөө ийнинде эргежээл
Ар бир дөө ойногонго,
эргежээлди колдогонго
чолоосу жок, каалоосу жок.
А бирок эргежээлдер кууланып,
дөөлөрдү ойлогондо,
жок дегенде бир мүчөсүн колдогонго
жол тапканын эстечи: — ой, боорум-ай, болду жетет, эзбечи! —
деп аргасыз дөө айтат да колдурап,
эргежээлди ийинине кондурат.
Мына, бири дем алдырбай, эргитпей,
өпкө жагын кышылдатып бүтүрөт,
дөө кантсин, өз ийнине аны түф! деп түкүрөт.
Дагы бири өзүн сезип Атланттай,
дөөнүн жүрөгүн эзип айтат жай:
жүрөктүн жаны — курсакта...
байкуш дөө жүрөгүн мыкчып кайрат кылат,
эргежээлди ийнине жайгаштырат.
Эргежээлдер көзгө түшүп элирет,
карекке чагылган көктү кемирет,
кулакка кирип алып жыргашат,
деңиздин шоокумун чымчып уурдашат,
жатып алат тилди басып.
так сүйлөтпөй чулдуратып,
бир тобу баш ичинде бирикмек,
мээнин түзүлүшүн иликтеп,
бир-бирине кагыштырып жатканы —
мээнин оң жак, сол жак капталы.
Баары дөөгө минип алып макташат,
«азамат!» деп ийнинен да тапташат,
эргежээли жүрөктүн, эргежээли ойлордун,
эргежээли тил-сөздүн, эргежээли жандын да,
жаның ооздон чыкчудай жалпы баары жыргаса,
бөтөн ийинде шапар тээп, бийлесе да, жыргаса,
кулак тунган чоорунан ансамблин билесиң,
анан мына, карачы, өзүң да бийлеп киресиң.





