Олеся Николаева

1955-жылы Москва шаарында төрөлгөн. А. М. Горький атындагы Адабият иниститутун бүтүргөн, азыр ошол жерде адабий чеберчилик боюнча сабак берет. «Amor fati» (1997), «Испан каттары» (2004), «500 ыр жана поэмалар» (2008), «Асман Ерусалимине чейин» (2013), «Жер ортолук деңиз ырлары, орустун орток кошоктору» (2017) сындуу поэтикалык он жети жана прозалык отуз китептин, эсселер жана публицистикалык алты китептин автору. Ырлары англис, италия, испан, кытай, немис, француз, япон, Европа жана азия тилдерине которулган. Борис Пастернак атындагы адабий сыйлыктын, «Anthologia» поэтикалык сыйлыгынын, «Акын» улуттук сыйлыгынын, РФ Өкмөтүнүн маданият жаатындагы сыйлыгынын, Патриархиянын адабий сыйлыгынын жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси. Москвада жашайт.
Адабият таануучу жана сынчы Дмитрий Бак Николаеванын поэзиянын терең агымы тууралуу айтып келип, ал «өз искусствосун искусствону аягына чейин камтуу менен, ага кылчактоо менен, поэзия үчүн мындан башка натыйжаны көрө албагандарга эшик кагып угузуу тилеги менен жасайт. Бул кылчактоо — тымызын кылчактоо эмес, пикирлештер менен кадырлаштар эмес, а таптакыр башкача ой жүгүрткөн адамдар угушу үчүн ачыктан ачык кылчактоо» экендигин белгилейт.