Виктор Астафьев
Астафьев Виктор Петрович (1924—2001) — жазуучу, эссечи, драматург. Социалисттик эмгектин баатыры, СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1978, 1991) жана РФ мамлекеттик сыйлыгынын (1995, 2003) эки жолку лауреаты.
Красноярск крайынын Овсянка айылында туулган. Жаштайынан жетим калып, балдар үйүндө чоңойгон, фабрика-завод мектебин аяктап, темир жолдо иштеген.
1942-жылы өз ыктыяры менен фронтко кетет. Согушта ал айдоочу жана байланышчы болгон, эки жолу жараланып, контузия алган, Кызыл Жылдыз ордени, «Эрдиги үчүн», «Варшаваны бошоткондугу үчүн» жана «Германиянын үстүнөн жеңиши үчүн» медалдары менен сыйланган. Уралда, Чусов, кийин Пермь жана Вологда шаарларында жашап турган.
Биринчи китеби 1953-жылы чыккан. Астафьев «Койчуман жана койчу айым», «Кайгылуу детектив», «Падыша-балык», «Акыркы жүгүнүү» повесттеринин, «Каргалгандар жана өлтүрүлгөндөр» романынын автору. Көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган.
Адабияттагы: аскердик («окоп чындыгынын») жана «элет» прозасы эки агымынын өкүлү. Астафьевдин прозаларынын мүнөздүү белгилери — коомго жана адамга карата өктөм жана жагымсыз көз караш, ачык жана ажарлуу тил, психологиялык жактан так образдар.