Валерий Попов

Попов Валерий Георгиевич (1939-ж. т.) — жазуучу, акын, сценарист. РФ Өкмөтүнүн (2013) жана Санкт-Петербург Өкмөтүнүн сыйлыктарынын (2014), «Чоң китеп» (2019) жана башка бир катар сыйлыктардын лауреаты.
Казань шаарында туулган. Ленинград электротехникалык институтун аяктаган, инженер болуп иштеген. ВГИКтин сценаристтик факультетин бүтүргөн.
«Мурдагыга караганда түштүгүрөөк» аттуу аңгемелер жыйнагы 1969-жылы жарык көргөн. Отузга жакын көркөм жана даректүү китептери чыккан: алар «Начарлардын ичинен мыктысы», «Козу карын чогултуучулар бычак менен жүрүшөт», «Сыя пири», «Жеңиш азабы», «Магдалинадан келген Евангелие», «Үчүнчү дем», «Жашоо жалганды», «Бурулуш доордогу жашоо» повесттери ж. б. Бир нече сценарийлерди жазган. ӨАӨ сериясында Д. С. Лихачев менен Сергей Довлатов тууралуу китептердин автору.
Поповду ал жактан Андрей Битов менен Сергей Довлатов чыккан «прозаиктердин ленинграддык мектебине» кошушат. Анын прозасына трагимыскылдуулук, гротесктүүлүк мүнөздүү, анда тиричиликти тыкыр сыпаттоо сезимталдуулук менен, а кызыктырып баяндоо болсо тобо келтирүүчүлүк менен айкалышат.