Михаил Елизаров

Елизаров Михаил Юрьевич (1973-ж. т.) — жазуучу, акын, ырлардын автор-аткаруучусу. «Улуттук бестселлер» (2020) жана «Орус Букери» (2008), Григорьев поэзия сыйлыктарынын лауреаты.
Ивано-Франковскиде туулган, Харьковдо өсүп-торолгон. Харьков университетинин филологиялык факультетин аяктаган. Телевидениеде оператор болуп иштеген, Харьков мамлекеттик маданият институтунун телережиссура бөлүмүндө жана Ганновер кино мектебинде окуган.
Михаил Елизаровдун биринчи китеби «Тырмактар» 2001-жылы басылып чыккан. «Pasternak», «Китепканачы», «Мультиктер», «Жер» аттуу романдын, «Биз 17 жашыбызда чылым чеккени чыкканбыз» аңгемелер жыйнагынын ж. б. китептердин автору.
Елизаровдун чыгармачылыгы, изилдөөчүнүн пикири боюнча, «постмодернисттик жана реалисттик тажрыйбанын чектерин тең салмактап турат» (Денис Юрьев).