Владимир Крупин
Крупин Владимир Николаевич (1941-ж. т.) — жазуучу, публицист, педагог. Патриархиянын адабий сыйлыгынын (2011) ж. б. сыйлыктардын лауреаты.
Киров областындагы Кильмезь жергесинде, токойчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн, доор шартына карабастан православ салттары менен тарбияланат. Слесарь, жүк жүктөгүч болуп иштеген. Москва областтык педагогикалык институтунун филологиялык факультетин аяктаган. Узак жылдар бою журналистика тармагында эмгектенип, «Современник» басмасында редактор, «Москва» журналынын жана «Благодатный огонь» христиан журналынын башкы редактору болгон. Москва диний академиясында сабак берген.
«Элет прозасы» өкүлдөрүнүн бири. Вятск айылдарына арналган биринчи «Дан» аңгемелер жыйнагы (1974) аны дароо белгилүү кылган. «Аккан суу», «Үйгө карай кеткен жол», «Вятск дептери», «Баладай болобуз», «Орус ыйыктары», «Асманда жыңайлак баскандар» повесть-романдары аны «элдик рухий изденүү прозасынын» чебери катары көрсөткөн. Крупиндин каармандары — биздин замандаштарыбыз, Кудайды көкүрөгүнөн издеген элет тургундары.