Күйгөн ширеңкенин убагы

Чиркөө тууралуу аңгемелер

Эненин дубасы

«Эненин дубасы деңизге чөккөндү алып чыгат» — бул макалды бардыгы билет. Бирок бул макал жөн гана тил учу менен айтылбай, чын экендиги көптөгөн мисалдар менен канчалаган кылымдар аралыгында бышыкталгандыгын билишеби?

Кечил-ата Павел башынан өткөн окуяны жакында мага айтып берди. Бардыгы так ошондой, башка эч кандай болбош керектей берилип баяндады. Ал окуя мени таң калтыргандыктан силерге дагы кызыктуу болот деген таризде кайрадан баяндайм.

Көчөдөн улгайган аял Павелге келип, анын баласына барып, тобосуна келтирүүнү суранып, дарегин айтты.

— Мен аябай шашып бараттым эле, — деген шылтоо айткан Павел ал күнү бара алган жок.

Чынын айтканда, дарегин деле унутуп койгом. Эртеси таң эрте баягы аял дагы жолугуп тынчы кеткен, менден уулуна барып коюусун көшөрүп суранып, жалынып да жиберди. Эмнегедир апанын мени менен чогуу барбагандыгын сураган да жокмун. Тепкич менен көтөрүлүп барып, коңгуроосун бастым. Эркек ачты. Жаш, жүдөгөн, көп ичкендиги дароо көрүнүп турду. Менин диний кийимимди башынан аягына осол тиктеди. Учурашып, апаңыз, «сизге кезигишимди суранган» десем, ал чочугансып: «апамдын көзү өткөндүгүнө беш жыл болду» деди. Дубалда аялдын сүрөтү башкалардыкы менен чогуу илинип турат. Сүрөтүн көргөзүп, «мына мобул аял жолугуп келүүмдү суранган» дедим. «Демек, силер мени алып кеткени тиги дүйнөдөн келдиңерби?» деп таңдана карады. «Жок, азырынча бул дүйнөдөн эле, бирок мен айтканымды эртең аткар: эртең таң заарда чиркөөгө кел». — «А эгер барбасамчы?» — «Апаң суранып жатса келесиң. Ата-энең суранганды аткарбаган — чоң күнөө».

Эртеси келди. Тобосуна келип, сырын төгүп, апасын үйүнөн кууп жибергендигин, бейтааныш адамдардын үйүндө тентип жүрүп, көп өтпөй көзү өткөндүгүн, өз колу менен көмүп, топурак дагы салбагандыгын, көз жумгандыгын кийин тааныштардан уккандыгын айтып, күнөөлөрүн моюндаганда мууну-башы калчылдап калганча өксүп ыйлады.

— Ошол күнү кечинде апасын акыркы жолу жолуктурдум. Апасы аябай шайыр-шаттуу болчу. Буга чейин жоолугу кара болсо, ал кечте ак жоолукчан эле. Күнөөсүн мойнуна алып, тобосуна келгендиги үчүн, уулу кечирилгендигин жана баласы менен көрүшкөндүгүн кабарлап, мага аянбай алкыш айтты. Бул жолкусун таң атпай баягы дарек боюнча барсам, кошуналары уул каза болуп, аны алып кеткендигин айтышты.

Кечил Павелден мына ушундай аңгеме. Демек, апасы кайткан оо дүйнөдө уулунун каза болор күнүн алдын-ала билген. Жана апасынын дубалары күчтүү болгондуктан, тирилип келип кечилге жолугуп, Кудайдын кулуна күнөөлөрүн моюндап, тазаланууга мүмкүнчүлүк берилген. Тобо кылып, келмеңди оозуңа алмайынча көз жумуу өтө коркунучтуу. Эң башкысы: ичип алып, үйүнөн кубалап чыкканына карабай апасы баласын акырына чейин жакшы көргөн. Демек, апасы баласына капа болгондун ордуна аяп жана мындай күнөө кылган адамдардын жазасы кандай болорун билип, андай жазага кабылбаш үчүн акырына чейин күрөшкөн. Баласына болгон сүйүүсүнүн жана дубасынын күчү менен жалгыз гана апасы уулун тозоктун тереңинен сууруп чыкты.

Мени чиркөөгө өткөзбөй коюшту

Ооба, дал ошондой. Өткөзгөн жок. Ким? Орус жоокерлери. Качан? Жеңиш күнү. Тогузунчу майда таңкы Жаратканга жалынуу аземине барууга эртелеп даярданып алгам. Туруп, жуунуп, аялым жазып койгон бата-дубаларды толуктап: «Жана бардык Мекен үчүн курман болгондорго» деп жөнөдүм. Жашаганыбыз Борбордук телеграфтын каршысы, Тверскойдун башталышы. Жолдон өтүш керек. Саат алты жарым болуп калган. Жолдун башынан аягына чейин тосмолор коюлган. Тосмонун артында оор техника: согуш убагындагы жана заманбап танкалар. Парадга даярданган учурда күрүлдөгөн моторлорунун үнү соңку апталарда тынган эмес. Тосмонун ачык жерине барсам, мени ал аркылуу кысыктан өткөрбөй коюшту. «Мен чиркөөгө баратам». — «Болбойт!» — «Мен деген чиркөөгө баратам го, мен жакын жашайм, мына паспортум». — «Параддан кийин ачышат». — «Ананайындар, парадга чейин дагы төрт саат бар». — «Кетиңиз». Ушундай. Моссоветтин кире беришине барсам — жабык. Пушкин көчөсүндө деле ошол. Абалыбыз мына ушундай. Жана ушул турган бардык аскердик оор техниканы көргүм келбей калды. Азыркы жоокерлердин сак-саламаттыгына кошо тиленейин деп баратсам мени өткөзбөй коюшпадыбы.

— Силер эмне, Кудайга ишенбейсиңерби?

— Өткөрбө деген өкүм болгон.

Иштерибиз ушундай. Аргасыз артка кайттым. Бардыгына ичим ачышты. Мен да бир начар дубакөй, күнөөкөр пендемин да. Мүмкүн, биздин Орус аскерине менин дубам керек эместир?

Мына ушундай. Парадды телевизордон көрдүм. Коргоо министри делген, баш кийими жок, жөнөкөй кийинген адам унаа үстүнөн бир ирет ишарат кылбай үч жолку «ураасын» угуп, тизилген жоокерлерди айланып өттү дагы, трибунада турган башкы башкаруучуга парадга болгон даярдыгы тууралуу баяндады. «Жылаңбашка колду койбойт» деп аскерде жүргөндө үйрөткөндөй ал дагы жөнөкөй кийимчен, бир ишарат кылбастан айланып өткөн.

Парад башталды. Айрыкча марш басып бараткан чет өлкөлүктөрдү дикторлор сөздөрүндө өзгөчө жылуулук менен баса белгилеп айтышты. Артынан оор техниканын үнү чыкты. Андан соң дал чатырлардын үстүнөн самолёттор сызды. Кээ бирлери өтө зор. Эгер алар дагы он метрге ылдыйлаганда, анда үйлөрдүн терезелеринин тамтыгы чыкмак деди диктор.

Анан аза болду. Гүлдөр, ордендер, балдар, музыка. Эмне дейбиз, демек көзү өткөндөргө жана тирүүлөргө чиркөөдөн сыйынып алганга татыбаптырмын да. Аялым экөөбүз турдук дагы, мурдатан жазып алгандарыбызды үйдөгү икондун алдында окуп, сыйындым.

45-жылдагы жеңиш бизге дагы жеткендигин көчөгө сейилдеп чыкканда сездик.

Мен жок болчумун

Баары болгон: азияттык көздөр, артка жүгүргөн чеке, кокусунан желдей желгенин көрүп калды... бардыгы кайталанып жазылып бүткөн.

Эскалатордун көтөрүлгөн ылдамдыгын арбытып кошо басып баратты. Кошул-ташыл болбой токтоп, жөн гана өз алдынча көтөрүлүп баратты. Жогорураак, оң тарапта, коңшу турган аялдын капталында, менден алдыраак турган аялды көрдүм. Бет сөөгү европалыктарга таандык, көзү жүлжүгүрөөк, салыштырмалуу япондордун чиймесиндей неондон түшкөн жумшак жарык жука жүзүндөгү көлөкөнү байкатпай турду.

Ушул жерден ачуу ой басты: кандай сүрөттөйсүң? Сүрөткө салыштыруу — жепжеңил жолу. Бул меники эмес, мындай салыштырыш үчүн жок дегенде эмнени эмнеге салыштырып жатканыңды билишиң зарыл. Таралган чачтары Буниндин «Таза дүйшөмбүдөгү» тактайга чегилген чыгыш сулуусунун элесин берип турат. Жана дагы, кыскасы, бул Бунин.

Баарынын, биринин артынан биринин даамын тата берсем, мен мерт кетем.

Бардыгы болгонбу? Мен жок болчумун. Мен ушундай бармын же мен же мен мурдагы өтүп кеткендердин бирге-бир чагылышы?

Жараткан, Сенин эркиң! Пушкиндин прозасын окуган өлкөдө биз жазабызбы? Эгер менин жазган саптарымдан окурман көзүн ала качып жатса, анда алардын көөнү Пушкинге бурулсун. Жана мен айкөлдүк менен унутам. А унуткаруу бизди капа кылбаш керек: биздикилер эмне үчүн унутулса, ошону сиңирет.

Эскалатор мени төлгөнгөн жерге чейин жеткизди. Андан ары өзүм кетишим керек эле.

Тумар

...биздикинде, мектепке бара элегимде түнт удмурт кыз жашаган. Ал кыз бир же эки кыш жашап, окуган. Анда кыштактарда мектеп аз болчу.

Дээрлик картошка менен гана тамактанчу. Эки-үч картошканы жуучу дагы, мештеги чокко көөмп койчу. Картошкалар тез эле көмүргө айланып калбастан, кызарып бышып калчу. Жарылган жерлери ысык бубактай болуп, сур тартып калчу.

Бир күнү кызга бир кесим нан бердим. Чочуганынан нанды жебей, кедейге берип салды.

Апам удмурт кызды аяп:

— Ушунчалык кедей жашашат, — деп кейиди.

— А нанды болсо алган жок.

— Албайт, ал биздин динден эмес.

— Кайсындан?

— Мен деле даанасын билбейм. Бизде иконго сыйынса, алар тоо-таштагы ыйык жерлерге, мазарларга сыйынышат.

— А менин диним кайсы?

— Сен кадыресе христиансың

...кыш күчөгөндө кыздын апасы келгени эсимде; алардын тилин билбесем да, караңгыда, оттон жалыны чачыраган очоктун түбүндө апасы жолдо чокою тоңуп калгандыгына кечирим сурап, кызы болсо мен жөнүндө айтып бергендигин түшүндүм.

Мага такыр түшүнүксүз дин, бирок алардын ачка кызына бир кесим нан бергендигим үчүн өзүнүн таанышы катары белгилеп, эртең менен ал мага жашырынып, алардын дининде өтө баалуу, көп болгондуктан эскирип калган жыгачтан жасалган тумар берди.

...күндүзү, дасторкондун чекесине күн нурун чачып, ызгаарда чуркап жүрүп келип керебетимде оронуп отурганымда удмурт кыз сабак окуп баштайт, «Булуңунда деңиздин жашыл эмен...». Мен ырды андан тезирээк жаттагандыктан аны оңдоп койсом, кыз болсо кыт-кыт күлүп жылуу, чоң картошка берет.

Агыш тарткан алтын

Жашоо тууралуу эң мыкты эскерүүлөрдүн бири: борту бар жүк ташуучу унаанын артында турам карагайдын суулуу шактарынан улам буйтап коюп. Унаа болсо жешилген дөңгөлөктөрү жыңайлак буттардай ылайдан тайгаланып, дуулдап барат.

Аңгыча ак аралаш алтын түстүү талаага унаа атырылып чыкты. Эч жерде жыттабаган жыт, балдын ыкчам, салкын жыты бетке ура мени курчап алды.

Ак кездемеге курчалган жайык талаа, жана дал ортосунан кесип өтүп, кийинки токойго сиңип кеткен күрөң тарткан ичке жол.

Чөмүч баштын жалбырагы

Мен анча кесир деле адам эмесмин, ар кандай кытай тамактарын, же грузиндин, жапондун, арабдын тамагын, же берекелүү орустукун, болбосо бир гана картошка жеп деле жашай берем, бирок улгайган сайын кайсы чыныдан ичип, кандай айры менен жеп жатканыма көңүл кош болбой баштаганымды байкадым. Алыска учканда берилген пластмасса идиштерди жаман көрсөм да, гигиена үчүн таза деп өзүмдү жайгарып коём.

Кээде ойлонуп — курак бул, интелекттин жетилгендигиби? Баары бир эмеспи, кайсыдан болсо да тойгонуң эп эмеспи. Тамак-аш куюлган идиштин кандай формада экендигин ойлоо, ушу ачкачылыктын чегин көргөн сендеби?

Билбейм, жөн туруп эмнеге идиш-аякка жармашып калдым. Кооз фарфор, түстүү хрусталь, күмүш жалатылган, алтыны көп, бирок ушулардын баарын башыман ылдый куйса да эртеңкиге сар тартпаган, акылдуу китепканачы Валяны сүйгөн жай, жана ошол дайраны өрдөй басып, суу ичкибиз келген күн жеңип кетет. А булакчы, таманыбыздын так алдында. Мен го не, муздак нымдуу жерге жата калып, алаканыма сузуп, сүйүктүүмө сунгам.

— Жок, мен мындай иче албайм, — деди Валя. — Мага бир нерсеге сузуп берсең.

Ошол «бир нерсе» табылды. Кайрылып карасам — булуң, биздин алдыбызда чөмүч баштар жайылып өсүп чыккан. Түз эле шымчан, бут кийимчен жылгага секирип түштүм дагы, чөмүч баштын чоң жалбырагын үзүп алып жээкке чыктым, булакка чайкадым, сузганга ылайыктап ороп, жылжып жаткан жерине тостум, толтурдум дагы сүйүктүүмө тартууладым.

Суусуну канды. Анан биз өбүштүк.

Ичимдик жана тамак үчүн идиш деген эмне? Билбейм. Кыйнабагылачы мени. Жашоом өттү, бирок ошол күн өткөн жок. Булак жана чөмүч баштын жалбырагы. Жана асман алдында биз.

Телекөрүүчү

Орус жазуучуларын телекөрсөтүүгө катышууга чакырган ошол учурларда мени дагы чакырышты. Мен барып, он мүнөттүк адеп-ахлак жөнүндөгү берүүгө тартылдым. Ал эфирге качан чыгаарын дагы мага эскертишти.

Берүү эфирге чыккан күнү айылда элем. Өзүмдүн сыналгым болбогондуктан, аны көрүш үчүн кошунам Настя чоң эненикине бардым. Биз сыналгынын бет маңдайында отурдук. Настя чоң эне менин эки болуп калгандыгыма, аны менен чай ичип отургандыгыма, айнек жащикте сүйлөп жаткандыгыма таптакыр таңыркаган жок.

— Кана, Анастасия Димитриевна, — деп сурадым мен он мүнөт өткөндөн соң, — бардык иштер тууралуу эле айттымбы?

— Иштер тууралуу. Сен эң негизгисин айткан жоксуң.

— Мисалы эмнени?

— Биздин сатуучуларды айтпадың. Алар абдан уурдашат. Алар ашынып кетишти. Пряник алайын деп баргам, мага сынган, ушалангандарын салып, таразага тартып берди. Аларды өз ордуларына коюш керек.

Менимче, Настя чоң эненин айткандары туура, абдан олуттуу. Биз бул жакта адеп-ахлак тууралуу сүйлөп отурганда, шылуундар уурдап жатышат. Анан биздин айткандарды угуп жана таң калышат: тигинде кимдир бирөө уурдаган жакшы эмес деп ымтырап сүйлөп жатат. Кана, аны экрандан алып ыргытчы. Жана алып ыргытышты. Анан Остап Бендер сыяктуу алдамчы жана шылуундарды мактай башташты.

Жакында эле Настя чоң энеге кирдим, пряник алып барып бердим. Ал чыр-чатак жана бузукулук тууралуу берүүнү көрүп отуруптур. Түкүрүнүп тилденип жатат, бирок көрүп отурат. Башка эч нерсе жок да. Жаңылыктарды көрүү үчүн дагы бекем нерв керек: атайылап эле баштан-аяк кырсыктарды, өлүктөрдү, канды көрсөтүшөт, бир гана акча тууралуу сөз болот. Же болбосо эчак эле акылдан азган Американы көрсөтүшөт.

— Сени көрсөтүшөбү? — Настя чоң эне сурады.

— Жок, эми көрсөтүшпөйт.

— Эмне үчүн?

— Эсиңиздеби, ал көрсөтүүдө сатуучуларды айтпай койгонум? Ошон үчүн сүйлөө укугумдан ажыратылдым. Тагыраагы, укугум бар, добушум жок. Сенин алдыңда сүйлөп берем. Чайлашып отурганда. Көрдүңбү, пряниктер дагы бүтүн.

— Токтой турчу, сыналгыны сууруп салайын.

Эч жакка шашпастан, айылда чай ичкен кандай гана жакшы. Үйдө тынч. Бир гана сары боор чымчыктар терезенин кырында ары-бери секиришип, тумшуктары менен айнекти черткилешет. Аларга күкүм алып чыгып берүү керек, ошентип бардыгы абдан жакшы.