Фазиль Искандер

Искандер Фазиль Абдулович (1929—2016) — жазуучу, акын. СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1989) жана РФ мамлекеттик сыйлыгынын (1994, 2014), РФ Өкмөтүнүн (2011) сыйлыктарынын лауреаты.
Сухуми шаарында, Ирандан чыккан үй-бүлөдө төрөлгөн. Абхазиядагы Чегем айылында тарбияланган. А. М. Горький ат. адабият институтун аяктаган. Журналист, редактор болуп иштеген. Ырларды жазган.
Чыгармалары 1960-жылдардын башында «Юность» журналына жарыяланган. Ал «Новый мир» журналына жарыяланган «Эчки-теке кош жылдызы» аттуу сатиралык повести менен таанымал болгон. Окурмандар кеңири сүйүп окуган чыгармалары — «Чегемден чыккан Сандро», «Чиканын балалыгы», «Коёндор менен жыландар».
Искандердин прозасы какшыктуу жана философиялуу, санаатчылыкка жана афористикалуулукка ыктап турат.