Александр Кушнер

1936-жылы Ленинградда туулган. А. И. Герцен атындагы Ленинград педагогикалык институтун аяктаган, орто мектепте орус тили жана адабияты сабагын окуткан. «Күүгүмдөгү жылдызда» (1994), «Бадал» (2002), «Таврия бакчасы» (2008), «Жердин тартуу күчү» (2015), «Күзгү театр» (2020) сындуу кырк ыр жыйнактын, классикалык жана азыркы орус поэзиясы тууралуу макалалары, эсселери топтолгон беш китептин автору. Ырлары англис, араб, вьетнам, иврит, италян, кытай, немис, нидерланд, француз, япон ж. б. көптөгөн тилдерге которулган. Ыр китептери Голландияда, Италияда, АКШда которулуп басылып чыккан. РФ Мамлекеттик сыйлыгынын, Пушкин атындагы мамлекеттик сыйлыктын, Альфред Тёпфер фондунун Пушкин сыйлыгынын (Германия), «Түндүк Пальмира» сыйлыгынын, Царскоселолук көркөм сыйлыгынын, «Акын» улуттук сыйлыгынын, «Алтын тибет антилопасы» (Китай) сыйлыгынын лауреаты. Санкт-Петербургда жашайт.
1990-жылы Иосиф Бродский акынды тааныштырып: «Александр Кушнер — ХХ кылымдын эң мыкты лирик акындарынын бири жана анын аты — орус тилин кимдер астейдил кадырлаган болсо, ошолордун катарында туруу шыбагасына ээ» деп жазган. Ошондон бери отуз жылдан ашса да, XXI кылымдын тереңинде анын айткандары мурдагысындай эле акыйкат сөз бойдон кала берүүдө. Акын интеллектуалдык жана рухий иштерин, жаңы мазмундар менен чагылдыруу каражаттарын издөөнү токтоткон жок жана илхам ага ар убакта марттык менен жооп кайтарат.