Максим Замшев
1972-жылы Москвада туулган. Гнесин атындагы музыкалык окуу жайын жана А. М. Горький атындагы Адабий институтту бүтүргөн. «Чыныгы кусалык» (1999), «Мезгил алаканда» (2003), «Патриархиядан Арбатка чейин» (2014), «Ыймандай сырдын убагы» (2019) сындуу жети ыр жыйнактын жана беш романдын автору. Азыркы белорус, румын, серб акындарын орус тилине которгон. Өзүнүн ырлары да көп тилге которулуп, азербайжан, болгар, грек, македон, румын, серб тилдеринде китеп болуп чыккан. «Очарованный странник» сыйлыгынын, Лермонтов сыйлыгынын, Ф. Искандер атындагы сыйлыктын, «Чистая книга» ж. б. сыйлыктардын лауреаты. Москва шаарындагы Жазуучулар союзу башкармалыгынын төрагасы, Россиянын Журналистер союзуна мүчө. Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укугу боюнча РФ Президентинин алдындагы Кеңештин мүчөсү. Чечен Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер. «Ата Мекенге кызматы үчүн» Орденинин II даражадагы медалына арзып, «Басма жана маалыматты өркүндөткөн ишмердиги үчүн» ардактуу белгиси менен сыйланган. Учурда «Литературная газетанын» башкы редактору. Москвада жашайт.
Адабиятчы жана сынчы Яков Гордин белгилеп кеткендей: «Замшевдин ырларын окуганда жакшы тааныш терминди — «лирикалык каарманды» эстеш керек. Поэзияда автор менен каарманды ажыратуу зарылдыгы анын астейдилдигине шек келтирбейт. Бул — дүйнөнү жана өзүн кабылдоонун чыныгы белгилери автордо өтө курчуган кездеги поэтикалык аң-сезимдин өзгөчөлүгү.»