Котур тил итиң кылтыйып...

* * * Котур тил итиң кылтыйып Жалаган колдо пайда жок. Шыбырап, анан кыйкырып, Тап берсең — дирт дейт айла жок. Шоруңду каргап не керек, Ишенчээк куштар алданат. Жаап жатат жамгыр себелеп, Чатырды, бетти аймалап. Турабыз Кремль дубалын Сагалап шарапканадай. Карабай өлкө убалын, Балитти төктү аябай. Кысынып аба турганы — Чындыктай жалгыз сезилмек. Алтын Туу менен мурдагы Ойношот балдар кызыл бет. Сезилет каттын жанында Кусалык эски маркадан. Немистин сейил багында Кулады жоокер чалкадан.