Танкист же «Ак жолборс»

(романдан үзүндү)

Мурдагыдай эле ал жөнүндө билгендери анын Курск догоосунан эс-учун жоготуп келгени гана болгон. Эң бир ишенимсиз булактардан: оңдоочулардан — жүк ташуучу унаанын айдоочусунан — талаа эвакуациялык ооруканасы боюнча аз-маз гана маалымат жеткирилди. Майор-хирург башка маалыматтар жок болгондуктан коштоочу документтерге шашылыш түрдө: «белгисиз танкист» деп жазып койду.

Кышында Иван Иванович толук сакайып кетти. Ырас, ал али да болсо өзү жөнүндө эч нерсе айта албады, атүгүл жөнөкөй сөздөрдү да араң сүйлөп жатты. Бирок, ал ар кандай буйруктарды толук түшүнүү менен аткарып, андан тышкары өзүнүн жаңы ысымына чын ыкыласы менен жооп бере баштады. Акыры аны текшеришип, жарактуу деп табышты. Таптакыр майып болгондорду өздөрүнүн туулган жерлерине жөнөтүп, калгандарын — контузия алгандарды, күйүп калгандарды, ал гана тургай эс-тутумун жоготкондорду да кайрадан түзүмдөргө жиберишкен. Ар кайсы бөлүктөрдөн соодагерлер «бактылууларга» тынымсыз келип турушкан. Өзгөчө жолдуулар гвардиялык реактивдүү миномёттор полкторуна тушугушкан; «катюшачылардын» арасында жоготуулар эң аз пайызды түзгөн. «Трофейликтер» жана аэродромдун тейлөөчүлөрү да баалуу эле. Жөө аскерлерде жана артиллеристтерде машина, арабаларга олтурууга бир катар мүмкүнчүлүктөр бар болчу. Бирок Иван Ивановичтин келечеги таптакыр үмүтсүздөй көрүндү — темир «үйүрлөрдөгү» жоготуулар ушунчалык көп болгондуктан, Жогоркунун аман калгандардын бардыгын кайрадан механикалаштырылган корпустарга жөнөтүү буйругу чыккан. Коштомо кагазындагы майордун бул жазуу-өкүмү болбогондо Иван Ивановичти машина-арабачыларга оңой эле жазып коюшса болмок. Бирок бул жерде тобокелге салбайлы деп чечишти. Комиссия буга чейинки өкүнүчтүү тажрыйбадан улам баалуу кадрлар менен тылдагы аскер бөлүктөрүн жабдуу аркылуу аларды ыгы жок чачып жибергендерди эң бир катуу териштирүүлөр күтүп турарын билген. Госпиталда документтер менен да көпкө күймөлүшкөн жок — кооптуу адамга Иван Иванович Найдёнов деп ташка тамга баскандай жазылган жаңы китепчени беришти. Алар улутун жазууда да кыйналышпады — акценти жок сүйлөйт, демек, орус. Туулган жери — госпиталдын дареги. Партияга таандуулугу — партияда жок (мурда коммунист болгонунун эми кандай мааниси бар). Адистиги — танкист. (Кийин аны кайда жиберээрди өздөрү караштырып көрүшөр). Жашына келгенде мукактанып калышты. Божомолдоп болсо да жылын аныктоого канчалык аракет кылып көрүшкөнү менен ал толугу менен күйүп калгандыктан, колдорун шилтеп салып кылым менен жашташ кылып жазып коюшту (Иван Иванович башка бирөөнүн аппак болуп өңү оңуп кеткиче кийилген формасы менен ушул убакыт ичинде өзүнүн жаңы жашоосунун ойдон чыгарылган таржымалын жазгандардын алдында какайып турду).

Иш менен алектенишпеген бош врачтар менен медайымдардын бардыгы Найдёновду узатууга чыгышты — бул бөтөнчө жана медицина илими тарабынан түшүндүрүлгүс окуя болду. Таптакыр талкаланган танкта бир жума жаткан, денесинин токсон пайызы күйүп, тирүү каларына үмүт болбогон адам эми кезектеги маркумдан чечилип алынган өтүкчөн, узун этектүү, боюна чак келбеген, көп жерлери окко көзөлүп тешилген шинелчен, аяздан улам ээгинин астынан тасма менен байланган жоокердик шапкечен тиги дүйнөдөн чыккансып тепкичтен түшүп келе жатты. Танкисттин аркасына асынган жука «баштыгында» бир тоголок самын, бөлкө нан жана америкалык эт консервасынын бир банкасы — врачтардын жоомарттык менен берген белеги. Гимнастёркасынын төш чөнтөгүндө анын азыр ким экенин түшүндүргөн жаңы жоокердик китепчеси бар эле.

Жүк ташуучу унаа аны алып кетти.

Иван Иванычтын келиши Челябинскиге жакын жерде кайрадан түзүлүп жаткан бригададагыларга эстен чыккыс таасир калтырды. Өздүк курам тизилгенде дайыма куюлуштуруп сүйлөгөнү үчүн Эчкинин шыйрагы деген лакап атка конгон анын командири, өзүнүн денеси бүт күйүк менен тырык болгон отуз жаштагы ардагер күңк этип жиберди:

— Мунун соо жери калбаптыр го, эчкинин шыйрагы десе!

Анан корс мүнөздүү бригаданын командири кайрадан келгенди катардан чыгууга буйрук берди:

— Кайдан келдиң?

Иван Иваныч «кайдан келгенин» өзү да билбейт эле.

Ротанын жаш командири чаташтырып жатып подполковникке иштин маңызын түшүндүрдү.

— Деги ким экен, эчкинин шыйрагы!? Аткыч-танкистпи? Механикпи? — деп сурамжылады бригаданын командири.

— Документтерде танкист деп жазылыптыр, — деди лейтенант айласы кете күңк этип.

— Анда — дүрмөттөгүч!

Бул жапайы согуштун өзү аны аткыч-танкист кылып ылайыктады — ал жерде бир гана кара күч керек: снаряддарды алып келгенди жана гильзаларды люктан алып ыргытканды билсең болду. «Жарылып майдаланып кетүүчүнү» жана «броняны тешип кетүүчүнү» толук келесоо деле айырмалай алат. Ушул эле жерде көзү үчүн Баш сөөк деген атка конгон катардагы жоокер Найдёновдон башка эч нерсе талап кылынган жок. Шашылыш түрдө чогултулган бөлүктө ага эч ким деле өзгөчө кызыккан эмес (бар болгону сырткы көрүнүшү гана көңүл бурдуруп турган). Бирок, эч бир жерде танкисттердин экипаждарындагыдай тез-тез алмашып туруучулук болгон эмес: үч-төрт жумалык начар даярдыктан өткөрүп туруп фронтко жөнөтүшкөн, а ал жакта биринчи салгылашуудан кийин эле «отуз төртүнчү» таптакыр күйүп кетпесе болду. Секирип кеткендерди кайрадан кошуп аралаштырып урушка жөнөтүшчү.

Унутчаак Иван Иваныч баары менен бирге унчукпай боткодон жеп, баракта суукка тоңуп жатты (как тактайларда шинелдерин жамынып алышкан). Бирок, жок дегенде, жакынкы убакытка чейин анын тагдыры аныкталды. Экипаждын курамы абдан ар кошкондордон турган: ошол эле жаш лейтенантты командир кылып дайындашты, карыган өзбек айдоочу болду, калжаке жана кылмыш дүйнөсүнө жакын мурдагы москвалык урка радист болууну өзү каалады.

Бир ай өтө электе эле шашылыш түрдө (көпкө эмес) камдалган төртөө Т-34-76нын* акыркы серияларынын бири чогултулган Челябинск трактор заводуна барышты.
Цехтерде Найдёновду көргөндө ичинен кокуйлап шыпшынбаган адам болбоду. Өспү­рүмдөр жана аялдар чочулаган кызыгууларын жашырышкан жок. Иван Иваныч заводдун ашканасынын кошумча тамагына гана кызыккан урка менен өзбектен айырмаланып, кызыгып карагандарга көңүл бурбастан деталдарды өз ыктыяры менен ташып келе баштады. Кол алдындагылар менен болгон мамиледе кадыр-баркын сактап калууга бардык күч-аракетин жумшоого аракеттенген жаш лейтенант жок дегенде ушунусу үчүн да ага ыраазы болду. Москвалык ууру-радисттин ачыктан-ачык туталануусуна жана өзбектин үрөйү учканына карабастан танк акырындап жасалып бүтө баштады: анын тулкусуна трансмиссия, катка жана гусеница коюлуп, моторго жана ичине керектүүлөрдү жайгаштырууга да кезек жетип, андан кийин мунарасын ордуна түшүрүштү.

Баары чымыркануу менен күткөн күн да келди: командир маки, саат жана компас алды. Экипажга брезенттин чоң бөлүгүн беришти. Жапжаңы «отуз төрттү» цехтен жаңы партияны жөнөтүү күтүлүп жаткан заводдун чоң короосуна айдап чыгууга камданып жатышкан.

Мына ушул жерде Иван Иванович өзүн көрсөттү.

Анын башына бир нерсе кылт эте калып, ажырым болуп, таптакыр эс-учун жоготуп койду. Танкты цехтен айдап чыгаар алдында Иван Иваныч машинанын ичинде болуп калды — лейтенант кайсы бир эски-уску чүпүрөктөрдү алып чыгууну суранды. Найдёновду бир нече жолу чакырышканда ал тамеки салгычтан чыга калган шайтандай болуп механик олтурчу люктан белине чейин көтөрүлүп чыга бергенде анын толкунданып турганы көрүнүп турду. Экипаж менен жумушчулар селт эте түшүштү. Иван Иваныч кайрадан жок болуп кетти. «Кутунун» ичиндеги караңгылыкта жаман жөрөлгөлүү фаралардай болуп көздөрү жайнай түштү. Танк от алганда эч кимиси сөз айтканга да үлгүрбөй калышты. Лейтенант москвалык жана Кокондун тургуну менен бирге бир тарапка, жөндөөчүлөр башка жагына секирип кетишти. Т-34 ордунан козголуп, өзүнө окшош танктардын эки катарынын ортосундагы өтмөк менен кууш дарбазаны карай атырылып жөнөдү. Акылынан айныган Найдёнов ылдамдыгын басаңдаткан жок — анын жолундагылардын баары жашырынып калууга үлгүрүшүп, оор окуя болорун күтүп калышты. Танк мүмкүн болгон ылдамдыгынын эң жеткен чеги менен баратты. Артынан түтүнүн буркуратып, катуу калдыр-кулдур дүңгүрөгөн бойдон ал ырай кылбас анык кырсыкка кептелээрге жакындап калды. Көптөр, анын ичинде эмне кыларын билбей эси ооп калган лейтенант-командир да качыр-кучур болуп талкаланаарын элестетип жиберишти. Бирок «отуз төрт» ылдамдыкты басаңдатпастан катуу жүрүп баратып Сцилладан жана Харибден секирип өтүп, артка бурулуп, дагы отуз метрдей жүрүп барып, машиналардын ортосунан жол таап чыгып, короодо ордунан жылбай токтоп калды.

Коркуп кеткен командир чуркап жетти. Кызыккандар жабалактап короого чыгышты. Иван Иваныч алардын алдына секирип түштү. Ал коркунучтуу тишин ырсайтып күлүп койду. Ал калчылдап, өзүн токтото албай жатты. Анан эстеди, тагыраак айтканда, колдору эстеди.

Өткөн жашоосунда бул күйгөн, унутчаак, өзүнүн көрүнүшү менен боор ооругандыкты жана өтө аянычтуулукту туудурган танкист-механик, көрүнүп тургандай, чындап эле эң мыкты айдоочу болгондугунан күмөн саноо калган жок!

Согушта аман калуу мүмкүнчүлүгү жарым-жартылай азайганына карабастан өзбек кубануу менен дароо мунарага өтүп алды. Зээндүү москвалык ууру, азыркы радист ким менен достошуш керек экенин дароо түшүндү — ошондон бери Иван Иванычтын колдору бош эмес болуп турганда ал үчүн өзү жасаган папиросту ороп, күйгүзүп, анын коркунучтуу оозуна салып турду. Андан тышкары, жүрүш учурунда ал ар дайым элпектик менен ылдамдыкты алмаштыруучу рычагды кармап, Баш сөөк менен бирге тартып турган, анткени эмнегедир бул Т-34-76да дагы эле бардык айдоочулар каргап келген ыңгайсыз төрт ылдамдыктагы коробка бар болгон**.

Эшелонго жүктөөр алдында бригада элүү чакырым жол жүрүп, полигондо ок атууларды жүргүздү. Кыш отуз градуска дейре сууктап, «коробка» муз болуп тоңуп калып жатты. Баш сөөк айдаган танк бурулуштарда аёосуз күркүрөп, эңкейиштерге чыгып, замбирегин сүйрөлтүп алардан ылдый карай түшүп, ошол эле кезде бардыгын аёосуз чайпалтып жатканда өзбек шыбырап үн чыгара дуба кылып, жаш командир болсо ары-бери урунгандан жетиштүү шишик алып, тиштенип, командирдин мунара-көзөнөгүнөн жолго көз салууга үмүтсүз аракет кылып жатты. Эч нерсени көрө албаган радист тилин тиштеп алуу тобокелине салып эң усталык менен сөгүнүп жиберди. Ал эми Иван Иваныч болсо күркүрөгөнгө абдан окшош үндөрдү чыгарып, «отуз төрттү» дың жерлер жана бузулган жолдор менен аябастан багыттап баратты. Эми ал бардык убакта командири менен өзбекти айтпай эле коёлу, атүгүл урканы да кооптондуруп, кайдадыр жулунуп жатты. Корко тургандай эле болчу — ачылган ооз, чыдамсыздык, калтыроо, токтолбостон айдай берүүнү каалоо — мурда эч кимге залалы жок Баш сөөк ушундай болуп калды. Ал олтурган жердеги люк ачык турчу, анын артында желдеткич иштеп — андан улам бардык тирүү жандар тоңуп зыңкыйып калышы мүмкүн болчу, бирок өтө чарчаган бүтүндөй экипаждын ичинен жалгыз гана жин тийген механикке ысык эле. Радиялык байланыш боюнча лейтенант токтоо буйругун алды, бирок анын Иван Иванычка кыйкырган үнү жетпеди. Колонна токтоп калды — ал эми найдёновдук танк катардан чыгып, аз жерден кар күрткүсүнө батып кала жаздап, алды-артынан кар тозоңун сапырып талаада жаа түрүндө айлана баштады.

Бул бригаданын командири өзү алдын тороп чыгышы менен аяктады. Белине чейин карга кулап түшкөн Эчкинин шыйрагы так эле «отуз төрттүн» алдында пайда болду. Мына ошондо Иван Иваныч акыры эсине келе түштү. Мунарадагы люктан көрүнгөн жаш командир ыйлап жиберүүгө даяр болчу, бирок чоңдор анын башаламан быдылдаганына эч бир көңүл бурушпады.

— Айдоочу, менин машинама! — деп кыйкырды жаш подполковник. — Кел бери, скелет! — деп буйрук берди Найдёновго. — Эчкинин шыйрагына эмнеге жөндөмдүү экениңди көрсөт!

Ошентип, Иван Иваныч командирдин танкасынан орун алды — ал эми лейтенант, өзбек жана уркага бригаданын командиринин алар сыяктуу эле тажрыйбасы жок жаш айдоочу баласы олтурду. Анан бүткүл бригаданын көз алдында Иван Иваныч «отуз төрт» кандай гана чимириле тургандыгын көрсөттү. Машиналарынан түшүп келишкен экипаждар ооздорун ачып калышты.

Бригаданын командири толкунданганынан Иван Иванычтан кем эмес бакырды. Ал адатынча бутун жинди чебердин ийнине коюп, өтүгү менен тепкенде — бир аз токто, дагы бир тебүүсү — кыймылды улант дегенди билдирген. Бул Иван Иванычтын эсинде эле. Ал калгандарынын баарын унуткан, бирок муну эстеди. Жаңы келгендерди суктандыруу менен бадалдар өскөн, ой-чуңкурлуу жана дөңсөлүү талаада командирдин машинасы чыныгы циркти көрсөттү.

— Кана, кана, бол, кашка баш! — деп кыркырады Эчкинин шыйрагы, эми бул механик азыр андан эч жакка кете албастыгынан, коркунучтуу Баш сөөк аны менен акырына чейин болорунан, мындай механикти эми эч кимге такыр бербей тургандыгынан күмөн санабай калды. Анткени жакынкы келечекте аман калуунун бирден-бир мүмкүнчүлүгү — бул кантип жана кайда бурулуу керектигин, кантип маневр жасоону, кайсы жерде кантип тез айдап кетүүнү, демек, андай жагдайлардан өз убагында чыгып кетүүнү ар дайым билип турган айдоочуга байланыштуу болот. Себеби салгылашууда, анан калса танкалык салгылашууда эч нерсеге арзыбаган адам өмүрү секундалык ирмемде күм-жам болору анык.

— Анан кантип сен Дугага түшүп калдың? — деп кыйкырды ал механикке «отуз төртүнчү» токтогондон кийин. Иван Иваныч өзүнүн жаңы командирине тигиле карап, суроого түшүнбөй, эңги-деңги болуп калды.

— Эчкинин шыйрагы десе, өзүңдү кантип күйгүзүп алдың? — бригаданын командири такып сураганын уланта берди. — Чыгып кетүүгө үлгүрбөй калдыңарбы?

Мына ушул жерде Иван Иваныч дагы эстеди. Секунда аралыгында анын өткөндөгүсүнүн караңгылыгы жарк эте түшкөндөй болду.

— «Жолборс», — деп жооп берди Баш сөөк күтүлбөгөн жерден. — «Ак жолборс»!

Көздөрү жалындап, жек көрүүдөн титиреп кетти.

42-жылдын кышында немецтер алдыңкы катарга кубаттуу «отуз төрткө»*** карата өздөрүнүн жоопторун алып чыгышты: «Хеншель» фирмасынын чарчылуу бронтозаврларына ок өтпөгөн, бирок бир чакырым жерден атүгүл КВны да күйгүзүп жибере турган замбиректери өзгөчө калтыратып жиберчү. Теңдешсиз цейсов оптикасы менен жабдылган «сегиз-сегиз» кандай гана бутаны болбосун жок кылчу. «Жолборстордун» бир калыпта жүрүшү жана жерге алгылыктуу басым жасоосу үчүн сарамжалдуу немец механиктери каткаларды эки катар жайгаштырышкан. Башкаруу жеңил болушу үчүн штурвалдарды колдонушкан. Саркофагдардын капкагы сыяктуу оор плиталарда 76 мм снаряддар турган. Бардык тарабынан броня менен капталган бул коңуздар Курск талааларында жайбаракат жүрүп, алардын жагымсыз катуу чыккан жана күлдүрөгөн жаңырык менен коштолгон ар бир атуусу (бул үндү эч нерсе менен чаташтырууга мүмкүн эмес эле) кезектеги «отуз төрттү» оо дүйнөгө узатып жиберчү. Алар буктурмада өтө коркунучтуу болушкан. Чөп жана бактын бутактары менен жабылып коюлган циклоптор Т-34түн, «Гранттардын» жана «Черчиллдердин» чабуулдарын токтотуп, а качан ооругандан жана түтүндөн дел болушкан танкисттер «коробкалардан» секирип чыга башташканда ошол эле мыкты немис пулемёттору мүнөтүнө бир миң эки жүз ылдамдыкта ок атып, алардын денелерин бычак менен винегретти кескилегендей кылып бышып салып, баштаган иштерин аягына чыгарышчу****. Бирок, атүгүл, өзүнө окшогондордун арасында да бул Элес өзгөчө машина болгон. Мгнын астында ал биринчи жолу өзүн билгизди; калган оор салмактагылар сазга тыгылып калышты, бирок «Ак жолборс» аба аркылуу ташып алып бараткандай болуп бүтүндөй батальондорду атып салды. Адегенде ал таанылган жок — кышында бардык танктар ак болгондуктан ага бетме-бет келгендер биринчи атуудан кийин эле дайыма күйүп кетчү. Бирок жазында вермахт камуфляжга өткөндө, монстр биротоло белгилүү болуп, ошондон тартып ал бирде Түндүктө, бирде Түштүктө дүрбөлөң салып жүрдү; бардык жерде анын артында күйгөн машиналардын түтүнү жана быкшыган жыты калып жатты. Бул Элес ар бир жолу, кандайдыр бир түрдө орустун тылында боло калып, буктурмадан туруп он, атүгүл он беш Т-34тү талкалап салып кайдадыр сиңип кетчү.

1943-жылы жайында ак өлтүргүч Курскнын жанындагы белгилүү Прохоровка аймагында пайда болду. Абадан чалгындоо ал тууралуу Катуковду жана Ротмистровду эскертти*****. Дароо эле штурмовиктер жиберилди, бирок аракет, адаттагыдай эле, ишке ашкан жок. Жүздөгөн машиналардын колдонулгандыгына карабастан Учуучу Голландиялык бул жерде да ак түсү менен өзгөчөлөнүп көрүнүп турду жана бул жолу ал тевтондук рыцарларга окшоп соот-жарактарын жаркыратып, өздөрүнүн согуштук катарынын алдында келе жатты. «Отуз төрттөр» жаалдануу менен «Жолборсту» пайдасы жок болсо да, аткылап жатышты. Күнү бою атактуу жана калган «Жолборстордун» жана «Пантералардын» быт-чытын чыгарып салуучу САУ-152нин бир дагы снаряды анын мунарасын тешип өткөн жок******. Бардык тарабынан кысып кирип келе жатышкан куугунчуларды ок атуу менен кууп салып, өз кезегинде өзүнүн тулкусуна ондогон «калибрлүүлөр» жана «броняны тешип кетүүчүлөр» тийип жарылып жатса да, «Ак жолборс» кебелбеген бойдон кала берди жана улуу салгылашуунун аягында ал биротоло түтүн менен жалындын арасында жоголду.

* «Отуз төртүнчү» — бул өзгөчө танк, анын калыптануу таржымалына кең-кесири токтоло кетүүнүн мааниси деле жок: окурмандарга машинанын ар бир бурамасына чейин талдалган көп сандаган жарыялоолорду сунуш кылуу эле жетиштүү болот Согуш жүрүп жаткан бүткүл мезгилде танк(негизинен ага мүнөздүү болгон сырткы көрүнүшүн сактоо менен) жетиштүү түрдө модернизациялангандыгын белгилей кетели Албетте, кырк биринчи жылдагы «Т-34тү» согушту аяктаган «Т-34-85» менен салыштырууга таптакыр болбойт 41—42-жылдары иш жүзүндө немис танктары жана танкка каршы ок атуучу замбиректери үчүн ок тешип өтө албаган броняга жана куралга ээ болгон, кыйла начар Pz T-II, Pz T-III,Pz T-VIди капталдан гана эмес, бет маңдайынан да «талкалоого» жөндөмдүү, ошондой эле 1000 метр аралыкта орус танктары менен салгылашууга таптакыр жараксыз чехтердин трофеялык Pz 35(t) жана Pz 38(t) тең келе албаган «отуз төртүнчүнүн» дамамат иштен чыгып турган жеткире иштелбеген кыймылдаткычы болгон Бирок немецтик машиналардын кыймылдаткычтары эң жогорку мактоого татыктуу  — алардын чыдамкайлыгынын аркасында немецтер Москванын жанына чейин жетишкенин айтпай кетүүгө болбойт Согуштун аягында абал толук бойдон анын тетирисинче болуп өзгөрдү  — жакшы брондолгон немис танктары («пантералар» жана «жолборстор») дайыма кыймылдаткычтарынын көйгөйлөрү менен алек болуп калышты Бирок алардын снаряддары «отуз төрттү» бир жарым, атүгүл эки чакырымдай жерден тешип өтчү Ошентсе да, орто советтик танктын жаңы 85  мм замбиреги немистердин макталган «88инен» кем калган эмес, ал эми өркүндөтүлгөн «В-2» кыймылдаткычы душмандын тылына беш жүз километрлик жүрүш жасоосуна мүмкүндүк берген Артиллерия тууралуу айтсак, согуштун бүткүл жүрүшүндө конструкторлор Т-34тү эң күчтүү жана көбүрөөк колдонууга жарактуу курал менен куралдандырууга аракет кылышкан 1944-жылга чейин танк 76 мм замбирек менен куралданган Ошентип, танк куруучу заводдордо Т-34-76 сериясы чогултулган Бирок, 42-жылдан баштап, немистер күтүүсүздүк абалына тушугуудан соң өздөрүнө келгенден кийин («отуз төрт» менен болгон биринчи жолугушуулар немис танкисттеринин үрөйлөрүн ушунчалык учургандыктан, алар германиялык өнөр жайынан дал ушундай танкты көчүрүп жасоону талап кылышкан) татыктуу танкалык жана танкка каршы үлгүлөрүн түзүшкөн, анын тешип өтүү жөндөмдүүлүгү «жолборстор» жана «пантералар» үчүн гана эмес, ошондой эле модернизацияланган германиялык «үчтөр» жана «төрттөр» үчүн да жетишсиз болгон «Мышыктар» менен тең ата күрөшүүгө жөндөмдүү 85 мм замбирекке токтолушту 1944-жылдын кышынан тартып «Т-34-85» сериясы чыгарыла баштады жана согуштун аягында биздин негизги танкабыз болуп калды «Т-34-76нын» көптөгөн кемчиликтери бар болчу: атап айтканда, өтө тар мунарасына экипаждын эки мүчөсү араң бата алган (америкалыктар орус танкисттери кышында чолок тон жана калың купайке менен кантип жайгашышканына айран таң калышкан) Мунарага дагы бир адамды жайгаштырууга мүмкүн болбогондуктан командир өзүнүн түздөн-түз милдеттерин дүрмөттөөчүнүн ишин аткаруу менен да айкалыштырууга аргасыз болгон, бул командалык кылуунун да, атуунун да натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизген (немистерде экипаждын беш мүчөсү болгон — танк мунарасында командир, дүрмөттөөчү жана ок салуучу аракеттенген) Мындан тышкары, танктан сырт жактын өтө начар көрүнө тургандыгы кырдаалды баалоого жана ага өз убагында жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бербеген Алсак, механик-айдоочу люкту дайыма ачык бойдон коюуга аргасыз болгон Аткыч-радист өз ордунан дээрлик эч нерсени көрө алган эмес жана салгылашуу учурунда көп учурда көрбөстөн эле ата берген Биринчи рациялар абдан начар болгон жана «радиялык» деп аталган танктарда гана орнотулган Күйүүчү май куюлуучу бактын күжүрмөн бөлүктүн эки тарабында жайгашуусу ылайыксыз болгон: өрттөнгөн кезде алар көп учурда экипажга эч кандай аман калуу мүмкүнчүлүгүн калтырган эмес Мына ушул кемчиликтердин бардыгы согуштун жүрүшүндө четтетилген (ырасында күйүүчү май бактарын мурдагы өз ордуларында калтырышкан) Ошентип, жаңы мунарасы менен «Т-34-85»тин экипажы талап кылынгандай беш адамдан туруу менен «толук кандуу» болгон, ошентсе да кээде танкисттер аткыч-радисттен баш тартышып, төртөө болуп салгылашышкан (мунарадагы үчөө, анан механик-айдоочу).
* *  Биринчи «Т-34түн» эң чоң кемчиликтеринин бири бош жана тез бузулуучу төрт ылдамдык тагы коробкасы болгон Которуштуруп жатканда тиштери көп сынып, коробканын картери үзүлүп кетчү Ылдамдыкты которуу үчүн аткыч-радистке рычагды кармап, механик-айдоочу менен бирге аны тартууга туура келген — антпесе акыркынын буга дегеле күчү жете берген эмес Андыктан жаңы танк үчүн абдан жакшы көндүм-даярдыгы бар айдоочулар талап кылын ган (а мындайлар таптакыр жетишсиз болгон) Тажрыйбасыз механик биринчисине которуу нун ордуна төртүнчүсүнө салып жибергенде (ал да артты карай тартылат) бузулууга алып кел ген Атактуу 183-заводдо тиштерине туруктуу илинип туруучу беш ылдамдыктагы коробканы иштеп чыкканда гана абал түп-тамырынан бери өзгөрдү.
*** «Жолборс» дүйнөдөгү эң оор, эң куралдуу жана 1944-жылдын аягына чейин дээрлик колго түшпөгөн немис танкы болуп чыкты, ал биз үчүн көптөгөн кыйынчылыктарды жаратты Анын салмагы жөнүндө айтсак эле жетиштүү болот — дээрлик 60 тонна болгон Өзүнүн оор салмагы нан улам бул эң чоң танк жыгылып калбашы үчүн андагы катканы шахматтык тартипте жай гаштырышкан Pz T-V1 - рычагдарынын ордуна штурвал коюлган биринчи танк болгон — аны менен бул килейген немени башкаруу оңойго турган Маңдайкы бронясы 100 миллиметрди түзгөн жана биздин танкисттер үчүн дээрлик жеңе алгыс болгон Анын капталдарына жетүү да кыйынга турган — бул үчүн ага 500 метрдей аралыкка чейин жакындап келүү керек болгон (иш жүзүндө андан да жакыныраак), бирок Pz T-V1 чанда гана учурда өзүнө жакын жолоткон Анын 88 мм танкалык куралы, балким, ошол убактагылардын ичинен эң коркунучтуусу жана эң мык тысы болгон Өзүнун сапаты менен белгилүү болгон оптикасы, ошондой эле экипаждын салттуу, абдан мыкты машыккандыгы тууралуу айтсак (бул жагынан биз узак убакытка чейин абдан эле артта калганбыз), бир гана өкүнүчтүү фактыны тастыктоого туура келет — мындай жырткыч ме нен күрөшүү биздин жигиттерге өтө оор болду Танкисттер бул каргыш тийген машиналарга туш болгондо, түз мааниде айтканда, өздөрүн жылаңач калышкандай сезишкен Ошентип, 43-жы лы алар өздөрүнүн 76 мм замбирегинен «Жолборско» жакын аралыктан (ошол эле 500-300 метр ден), болгондо да жаңы калибрленген снаряд менен (аларды үч даанадан гана комплект кылып кол койдуртуп алып берчү) сокку ура алышкан Татаалдыгы бардык ыңгайлуу шарттарда да бар дыгы эмес, а белгилүү бир жерлери гана талкалана тургандыгында турчу «Калиберленгендер» менен таяныч каткаларынын ортосундагы капталга (анын артында «Жолборстун» ок-дарылары жайгашкан), же мунаранын негизинин асты жагына (анда ал тегеренбей калат), же замбирек тин түтүгүнө, же арткы бөлүгүнө (ошол жерде бензин багы жайгашкан) ыгын таап шамдагайлык менен мээлеп атуу керек болгон Же, эң болбоду дегенде бош дөңгөлөктү, алдыңкы дөңгөлөктү, таяныч катканы же гусеницаны атышкан Калган бөлүктөрүнө тийген снаряддар залал келтир бестен жөн гана артка ыргып кетчү «Жолборстор» «Т-34төн» эч бир коркпостон эле ага бетме бет акырын жылып чыга келген учурлар да болгон Мисал катары танкист Н  Я Железновдун эс керүүсүн келтирели: « алар («Жолборстор» — автордун эскертүүсү) ачык жерде турушат Анан жанына жакындап көр? Ал сени 1200-1500 метрден эле өрттөп жиберет! Өтө бетпак болушкан! Биз «Жолборстордон» коёндой болуп качып, бир амалын таап кутулуп кетүү жана капталына сокку уруу мүмкунчүлүгүн издечүбүз Оор эле болду Эгерде сен 8000-1000 метр аралыкта «Жол борс» турганын жана сени аркы дүйнөгө узатууга камына баштаганын көргөнүңдө замбиректин түтүгүн туурасынан жылдыра баштагыча сен танкта олтура аласың, ал эми тикесинен жылды рып жатканда — эң жакшысы секирип кет! Күйүп кетесиң!» «Отуз төрттөрдө» 85 мм замбирек тин пайда болушу абалды оңдоду — эми атүгүл аны менен жекеме-жекеге чыгууга да мүмкүн бо луп калды Бирок, баары бир деле согуштун акырына чейин чуулгандуу Pz T-V1 биз үчүн эң бир жагымсыз душман бойдон кала берди.
****«MГ-42» — коркунучтуу курал Биздин жоокерлер аларды «гитлердик чалгы» деп аташкан Мындай пулемёттун огу сөөккө тийгенде аны жөн гана денеден үзүп кетчү
 *****М. Е. Катуков — советтик көрүнүктүү танк командирлеринин бири Курамына Т-34 кирген анын бригадасы 1941-жылы Туланын алдында Гудериандын танк колоннасын толугу менен талкала ган (дал ошол кезде панцерваффенин бөлүктөрүндө жеңилбестей болуп көрүнгөн Т-34төн кооп тонуунун бардыгын каптаган коркунучу жайылып кеткен) Курск салгылашуусунун жүрүшүндө генерал 1-танкалык армияга командалык кылган Анын күжүрмөн машиналарынын немец тик флангдарга жасаган чечкиндүү контрчабуулдары да Манштейнди белгилүү Прохоров сал гылашуусунан кийин артка чегинүүгө аргасыз кылган Жалпысынан согуштун акырына карата 6 гвардиялык танк армиясы түзүлгөн: 1-Т. А.— М. Е. Катуков, 2-Т. А.— А. И. Радзиевский, 3-Т. А.— П. С. Рыбалко, 4-Т. А. — Д. Д. Лелюшенко, 5-Т. А.  — И.Т. Шлемин, 6-Т. А.— А. Г.  Кравченко.
****** Балким, 1943-жылы «жолборстордун», «пантералардын» жана «Фердинанддардын» жападан жалгыз татыктуу душманы дүйнөдөгү биздин эң күчтүү өзү жүрүүчү САУ-152 (152 мм замбирек) болгон — аны менен ийгиликтүү түрдө атканда (албетте, алгылыктуу аралыктан) ар кандай немис танкасынан бир гана каз таманы кала турган Ага өзүнө татыктуу «Мергенчи» деген ат беришти.