Көчөгө жарык майдалап...

* * * Көчөгө жарык майдалап Төгүлүп жумшак турганы, Кичикий киши жай барат, Гоголдун ушу бульвары. Кайсы күн кандай болбосун, Дайрадай жаштар шар аккан. — Жок окшойт, бийкеч, жолдошуң, Жападан жалгыз баратсаң! Кичикий киши чынында, Кичикий сүйүү жетчүдөй. Ушундай каардуу кылымда Жоголуп ар ким кетчүдөй. Кереги жоктой шинелдин, Кереги бардай тиктештин. Бур этет жыты «Шанелдин», Кийми да кымбат бийкечтин. Шекердей ак кар, ичикий, Бууланып сүттөй турганы. Жай барат киши кичикий, Гоголдун ушу бульвары.