Василий Аксёнов

Аксёнов Василий Павлович (1932—2009) — жазуучу, драматург, эссечи. «Орус Букери» (2004), «Триумф» (2003), «Жылдын китеби» (2005) сыйлыктарынын лауреаты.
Казань шаардык кеңешинин төрагасынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ата-энеси 1937-жылы репрессияланып кетишкен. Балдар үйүндө, кийин туугандарынын колунда, согуштан кийин апасы менен Магаданда жашаган. Энеси Евгения Гинзбург — ГУЛАГ тууралуу «Тик каттам» аттуу алгачкы эскерүү китебинин автору. Ленинград мединститутун аяктап, врач болуп иштеген. «Юность» журналына жарыяланган Аксёновдун тырмак алды повесттери — «Кесиптештер», «Жылдыздуу белет», «Мароккодон келген апельсиндер», «Товарга айланган бочкалар» аны 1960-жылдардагы «шаардык жаштар прозасынын» лидерлеринин жана жаштардын айныксыз кумирлеринин бирине айланткан. Аксёнов адабиятка советтик романтикалуу каармандын — өзүн өзү издеген, джазга, жер кыдырууга кызыгууну чыныгы патриоттук сезим менен айкалыштырган жаш адамдын жаңы тибин киргизген.
Чыгармалары көмүскө басмаларда басылган. 1980-жылы АКШга кетип, бир катар университеттерде орус адабиятын окуткан. Чет өлкөдө анын «Биздин алтын Железка», «Күйүк», «Крым аралы» романдары, «Москва сагасы», «Жаңы шекер стиль», «Кесарев жаркырагы» трилогиясы жарык көргөн. 2004-жылы Россияга кайтып келип, бул жерде жазылган «Вольтерьяндар менен вольтерьянкалар» жана «Сырдуу ышкы» романдары окурмандар арасында ийгиликке ээ болот.
Социалдык гротеск, альтернативдүү тарых, үй-бүлөлүк эпос жанрын аркалаган. Сынчылар анын прозасынын ыргактуу көп түрдүүлүгүн, «стилинин джаздык милдеткер эместигин», жаркын жана кескин образдуулугун, «хэмингуэйлик кыска сөздүүлүгүн» бөлүп көрсөтүшөт.