Олег Чухонцев
1938-жылы Москва облусунун Павлов Посадында туулган. Ошол эле облустун Н. К. Крупская атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн. «Юность» жана «Новый мир» журналдарында поэзия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1960—1980-жылдары европалык, америкалык авторлордун жана союздук республика акындарынын ырларын орус тилине которгон. «Фифиа» (2003), «Ошол чектен» (2005), «Лирикадан» (2007), «Адаш» (2008), «Үнсүз сөз. Ар кыл китептен» (2014), «Тилсиз тилмеч. Тандалма котормолор» (2014), «Келгенден — кеткенге» (2015) өңдүү поэтикалык 12 китептин автору. 2019-жылы «Үн жана үнгө жооп» ырлар жыйнагы жарык көргөн. РФ Мамлекеттик сыйлыгынын, «Новый мир» жана «Знамя» журналдары ыйгарган сыйлыктын, Альфред Тёпфер фондусунун (Германия) Пушкин жана РФ Мамлекеттик Пушкин сыйлыктарынын, «Книга года» Улуттук конкурсунун, «Anthologia» Поэтикалык сыйлыгынын, Борис Пастернак атындагы Адабий сыйлыктын, «Триумф» Залкар сыйлыгынын, «Московский счет» сыйлыгынын, «Поэт» Улуттук сыйлыгынын ж. б. сыйлыктардын лауреаты. Москвада жашайт.
Чухонцевдин поэзиясы XX кылымдын соңку үчүнчү чейрегиндеги адабият контекстинде орчундуу орунду ээлеп, сынчылардын да, адабиятчылардын да мактоосуна арзыган. Айрыкча «Фифиа» китеби чыккандан кийин Чухонцевди мурдагы өз поэтикасын түп тамырынан бери өзгөрткөн акын катары баалашкан. Ал жандүйнөсүндөгү бай тажырыйбасы менен, тилдин жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен өзүнүн соңку утурумдук түрмөгүндө көзү өткөндөрдү жоктоп, карылыкка ой толгоп, акындын метафизикалык аңкоолугун жана өзүн курчаган дүйнөгө анын өгөйлөнүп калгандыгын, анан да ай-ааламдык энтропия (башаламандык) күчөп баратканын баяндап, зээн кейитет...