Владимир Солоухин

Солоухин Владимир Алексеевич (1924—1997) — жазуучу, акын, публицист. М. Горький атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1979).
Владимир губерниясындагы Алепино айылында, дыйкандардын үй-бүлөсүндө туулган. Механикалык техникумду аяктаган. А. М. Горький ат. адабият институтунда окуган. «Огонек» журналында иштеген, өлкөнүн баш-аягын көп кыдырып чыккан.
Солоухиндин адабий атак-даңкы «Новый мир» журналына «Владимир просёлоктору» аттуу лирикалык очерктери жарыяланган 1957-жылы башталган.
Солоухин «элеттик» жаркын жазуучулардын бири. Анын чыгармачылыгында өзгөчө орунду автобиографиялык чыгармалары — «Өз-өгөйэне», «Ажайып Адыгене», «Өкүм» романдары жана «Акыркы деңгээл (Сиздин замандашыңыздын тобо келтириши)» аттуу китептери ээлейт.
Публицист катары Россиянын XX кылымдагы кайгылуу тарыхы («Кесе»), айылдардын тагдыры, советтик тажрыйбага карата мамилелер, улуттук маданий мурастарды сактоо («Орус музейинен кат», «Кара доскалар») тууралуу ой жоруптайт.
Солоухиндин чыгармачылыгына публицистикалуулук, тарыхты кылдат сезүү, жарандуулук менен бийик лиризмди айкалыштыруу мүнөздүү.