Сергей Лукьяненко
Лукьяненко Сергей Васильевич (1968-ж. т.) — жазуучу-фантаст. «Аэлита», EuroCon, Александр Грин ж. б. көптөгөн сыйлыктардын лауреаты.
Каратау (Казакстан) шаарында, врачтын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Алма-Ата медицина институтун аяктагандан кийин психиатр, андан соң «Ааламдар» фантастикалык журналынын редактору болуп иштеген. Алгачкы аңгемелери 1988-жылы жарык көргөн. «Кырк аралдын рыцарлары» жана «Атомдук түш» повесттери ага болуп көрбөгөндөй атак алып келген. Ал «Философиялык-космостук опералар» («Кыялдын чеги» — «Иллюзия императорлору» — «Түштөрдүн көлөкөлөрү»), «Бүгүн, апа!» жана «Жер планетасынан келген лорд» трилогияларынын, «Чагылыштардын лабиринти» романынын жана башка көптөгөн чыгармалардын автору. «Чалгын», «Макулдашуу» сыяктуу циклдери аны азыркы белгилүү фантасттардын катарына кошту.
Ал өз ыкмасын «катаал аракеттердин фантастикасы» деп баалайт. Космостук триллер, космостук боевик, «орус киберпанкы» жанрларынын үстүндө иштейт. Сынчылардын айтымында, Лукьяненко киберпанк үчүн салттуу проблематиканы (адам vs жасалма интеллект) адеп-ахлак маселелери менен айкалыштырып коёт.