Сергей Шаргунов
Шаргунов Сергей Александрович (1980-ж. т.) — жазуучу, публицист, коомдук ишмер. РФ Өкмөтүнүн (2018), «Жылдын жазуучусу» (2021), «Чоң китеп» (2017, финалист), Москва мамлекеттик сыйлыгынын жана башка орус жана чет өлкөлүк сыйлыктардын ээси.
Москва шаарында дин кызматчысы менен художник-реставратордун үй-бүлөсүндө туулган. М. В. Ломоносов ат. ММУну аяктап, «эл аралык журналист» адистигине ээ болот. «Юность» журналынын башкы редактору, Россия жазуучуларынын жана басма кызматкерлеринин бирликтеринин ассоциациясынын төрагасы.
Чыгармалары алгач «Новый мир» журналында жарыяланган. Аңгеме-повесттердин, публицистикалардын, тарыхый даректүү иликтөөлөрдүн автору. Ал окурмандар арасында «Наристе жазаланды», «Ура», «1993. Күйүп жаткан үйдүн фонундагы үй-бүлөлүк портрет» аттуу китептери, «Катаев. Түбөлүк жаздын артынан кубалоо» (ӨАӨ сериясы) биографиясы, «Өз» аңгемелер жыйнагы ж. б. менен таанымал.
Шаргуновдун прозасы көзгө толумдуу жана сезимтал, ошону менен бирге сынчылар анын социалдык сергектигин, стилдик эркиндигин жана тобо келтирүү башталыштарын баса белгилешет.