Инна Лиснянская
1927-жылы Баку шаарында туулган. Алгач машина курулуш техникумун, кийин Баку университетин бүтүргөн. Азербайжан поэзиясын орусчага которгон. 1979-жылы «Метрополь» цензурасыз альманахка күйөөсү Семен Липкин жана Василий Аксёнов менен катышкандыгы үчүн СССР Жазуучулар Союзунунун мүчөлүгүнөн чыккан. «Музыка жана жээк» (2000), «Биргеликте» (2000; С. Липкин менен бирге), «Содомдун шаар четинде» (2002), «Жалгыз белек» (2003), «Иерусалим дептери» (2004), «Өзүңсүз» (2004), «Жаңырык» (2005), «Карт Еванын түштөрү» (2007), «Куш укук» (2008), «Жылдырылган терезе» (2011), «Түстүү түш» (2011), «Добулдуу чагылган» (2013), «Өзүмдөн алыста» (2013) аттуу отуздан ашык ыр жыйнактын жана үч прозалык китептин автору. Ырлары англис, белорус, испан, кытай, немец ж. б. көптөгөн тилдерге которулган. «Арион», «Дружба народов», «Знамя», «Новый мир» журналдарынын лауреаты. Александр Солженицын атындагы адабий сыйлыктын, РФ мамлекеттик сыйлыгынын, «Жылдын китеби» улуттук конкурсунун, «Московский счет» атайын сыйлыгынын, «Anthologia» поэтикалык сыйлыгынын, Бунин сыйлыгынын, «Поэт» улуттук сыйлыгынын ээси. 2014-жылы дүйнөдөн кайткан.
Кийинки китептеринде Лиснянская аялзатынын карылык темасын иштеп чыккан, ышкыбоздуктун эмес, акылмандыктын жарыгы менен жылытылган кечиккен сүйүү тууралуу жазган. Учур аркылуу учукталган анын ырларында аныгында эле библиялык жашырын сыр чагылышат.