Борис Екимов

Екимов Борис Петрович (1938-ж. т.) — жазуучу, очеркист. РФ Мамлекеттик сыйлыгынын (1997), «Ясная Поляна» сыйлыгынын (2014) башка бир катар сыйлыктардын лауреаты.
Красноярск крайындагы Игарка шаарында төрөлгөн. Токарь, слесар, наладчик, электромонтер, куруучу, айылдык мектепте кол эмгек мугалими болуп иштеген. 1965-жылы «Молодая гвардия» журналында алгачкы эмгеги жарык көрөт. Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабий курсун аяктаган.
200дөн ашык чыгармаларды — аңгемелерди, повесттерди жана романдарды жазган. Аны «элдик жазуучу» катары тааныткан китептери — «Кайтып келүү», «Койчуман жылдыз», «Чапкын», «Задоньедеги күз», «Күн ойгонду» жыйнактары, «Пиночет» романы. 1990-жылдары Түндүк Задоньедеги кыштактардын кыйрашы тууралуу бир катар көркөм-публицистикалык очерктерин жазган. Екимовдун негизги темалары, сынчынын пикири боюнча, ар-намыс жана эмгек башкы баалуулугу болуп саналган «карапайым адамдардын өмүр-­турмушу».