Алексей Варламов

Варламов Алексей Николаевич (1963-ж. т.) — жазуучу, адабият таануучу, публицист. «Чоң китеп» сыйлыгынын (2007, 2022), Александр Солженицын сыйлыгынын (2006) жана башка сыйлыктардын лауреаты.
Москвада туулган. М. В. Ломоносов ат. ММУнун филология факультетинин бүтүрүүчүсү, XX кылымдагы орус адабиятынын изилдөөчүсү. Филология илимдеринин доктору, профессор, А. М. Горький атындагы адабият институтунун ректору, РФ Президентинин алдындагы Маданият жана искусство боюнча кеңештин мүчөсү. Бала кезинен жазып баштаган, басма сөздө, журналдарга жарыяланган аңгемелердин автору катары таанымал. Туңгуч жыйнагы — «Остожьедеги үй».
«Жаш гвардия» басмасынын «Өрнөктүү адамдардын өмүрлөрү» сериясынан анын М. М. Пришвин, А. С. Грин, Г. Е. Распутин, М. А. Булгаков, А. Н. Толстой, А. П. Платонов, В. М. Шукшин, В. В. Розанов тууралуу китептери чыккан.
«Варламовдун бардык жыйнактарында өзгөрүлгүс болуп анын «агедил эскинин» (ириде Лесков менен Тургеневге караганда Шмелев менен Зайцевдин) этегине бираз-бираз стилдештирилген жумшак баяндоо, уяңкары жана жүзү жарык «кичинекей адамга боор тартуу», таңууланбаган, бирок өтө сезилерлик (көбүнесе диний) символика саналат...» (Андрей Немзер).

Автордун чыгармалары

1 Чыгарма