Олег Юрьев

1959-жылы Ленинградда төрөлгөн. Ленинград финансы-экономика институтун бүтүргөн. 1982-жылдан баштап ырлары жарыялана баштайт. 1991-жылдан Франфурте-на-Майнеде (Германия) жашаган. «Тандалма ырлар жана шыгырлар» (2004), «Кечки Франкфуртта атылган ок» (2007), «Ырлар жана башка ыр дүйнөсү» (2011), «Ата-Журт» (2013), «Акыркы мезгилдин ырлары жана шыгырлары» (2016) сындуу алты поэтикалык жыйнактын автору. Ошондой эле ондон ашык драма, роман жана публицистика жанрындагы китептери бар. Хильды Домин атындагы сыйлыктын (Германия), Орусиянын «Звезда» жана «Новый мир» журналдар сыйлыгынын, «Различие» сыйлыгынын, «Anthologia» Поэтикалык сыйлыгынын лауреаты. 2018-жылы дүйнөдөн өткөн.
Акын өз ырларында адаттан сырт одур-бодур ойлордон качпай, кайра аларды жайылтууга талаптанган. Бийик интеллектуалдык жалпы чыгармачылыгына камтылган сейрек колдонуучу сөздөр, неологизмдер, көчө сөздөрү — анын жеке поэтикалык ыкмасындагы маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири.