Николай Иванов

Иванов Николай Федорович (1956-ж. т.) — жазуучу, публицист, журналист. Николай Островский, Михаил Булгаков атындагы ж. б. сыйлыктардын лауреаты.
Брянск областындагы Страчево айылында туулган. Москвадагы Суворов окуу жайын жана Львовдогу аскердик-саясий окуу жайынын журналистика факультетин аяктаган. Аба-десант аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Кызматын аба-десант аскер бөлүгүндө баштаган. 1981-жылы Афганистанга жөнөтүлгөн. «Советтик аскер» журналында иштеп, 1992-жылы анын башкы редактору болуп дайындалат. Аскер журналисти катары Цхинвалга, Крымга, Сирияга, Донбасска барган. Чечняга иш сапарына барганда туткунга алынып, 4 айдан кийин атайын операция аркылуу бошотулган.
Заманбап адабияттын аскердик тема боюнча таанымал устаты. Анын белгилүү чыгармалары — «Шторм» операциясы эртерээк башталсын» аттуу романы, «Момун Светага», «Партер. Жетинчи катар», «Брянск повести», «Асман тургундары», «Мөлтүр булакта», «Ишеним. Үмүт. Согуш», «Ырааккы падышалык», «Сары алтын» новеллалары.