Владимир Личутин
Личутин Владимир Владимирович (1940-ж. т.) — жазуучу, публицист. Россиянын Улуу адабият сыйлыгынын (2006), РФ Өкмөтүнүн (2011) ж. б. бир катар сыйлыктардын лауреаты.
Архангельск областындагы Мезень шаарында, нукура помор тегиндеги үй-бүлөдө туулган (Заполярьенин картасында Личутин аралы бар). Атасы фронтто кайтыш болот. Токой чарба техникумун, Ленинград мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, Жогорку адабий курсту бүтүргөн.
Биринчи повести «Жарык бөлмө» 1972-жылы жарык көргөн. Личутин чыгармачылык жолун «элет прозасынын» түндүк бутагынын өкүлү катары баштап, помор дыйкандарынын турмушун ачык жана бөтөнчө сүрөттөгөн. Кийинчерээк анын «шаар прозалары» — заманбап психологиялык романдары жазылат. Анын «Бөлүнүп-жарылуу» аттуу ири тарыхый үчилтиги (Орус чиркөөсүнүн XVI кылымдагы бөлүнүп-жарылышы тууралуу) зор жаңылык болуп калган. Ошондой эле «Тентимиш», «Любостай», «Миледи Ротман», «Бейиш качкыны» жана «Кудайды күтүү» романдары, «Айтылбай турган жан сыры: орус эли тууралуу ой-толгоолор» жыйнагы окурмандар тарабынан жогору бааланган.
Личутиндин чыгармачылыгынын борборунда орустун кулк-мүнөзүн жана Россиянын руханий табиятын изилдөө жатат. Анын китептерин «улуттук таанымдын тажрыйбасы» деп аташат. Сынчылар Личутиндин укмуштуудай «үн оюу-чиймелерин» —«элдик чечендик» менен «эски ишенимдеги сөзмөрлүктү» жуурулуштурган анын тилин бөлүп белгилешет.